Жоодарбешим
Шыбаа берсе жараткан,
Айыктырып алайын, Желден,
Айтканыма көңүл бөл,
Мен бул жерде калайын, Желдең.
Досчулугуң санасаң,
Таягың алгын колуңа, Желдең.
Желдей учуп токтобой,
Жөнөгүн айткан жолума, Желдең.
Эки жакка бурулбай,
Бет алгын Бейкут талааны, Желдең.
Белгилүү го ал жерде,
Нурперинин кабары, Желдең.
Гулгаакы гүлүн ала кет, Желдең,
Жан чөнтөккө сала кет, Желдең.
Агаларды жеткенде,
Айыктырып кеселден,
Ак чатырын чечтиргин, Желдең.
Кылчаңдатпай, кыйылтпай
Мен, досуң көздөй көчүргүн, Желдең.
Жаныбарым, Кылкара,
Жакшы багып төтөлөп, Желдең.
Чамам келсе жылыштап,
Ушул жолдон күтөмүн, Желдең».
«Макул болот, куп болот, Жоодар,
Айткан сөзүн, эп болот, Жоодар.
Айныбай жолго салайын, Жоодар,
Айткан жериң табайын, Жоодар.
Ал Нурпери сулууга,
Аман-эсен сырттандын,
Калганын айтып барайын, Жоодар».
Деп ошентип Куюнуң,
Кош айтышты сырттанга.
Жолго чыккан кези ушул,
Жер танабын текшилеп,
Болжой карап тутпанга*.
Куюн Желдең жүргөндө,
Желгенине жел жетпейт,
Басканына мал жетпейт.
Арыш керип, созду ошол
Ачып көздү жумгуча
Көздөн кайым болду ошол.
Кайрадан Жоодар калган жер,
Какшыган кургак талаада.
Кылкара бутун сындырып,
Катуу батып санаага.
Очорулуп Кылкара,
Үч аяктап баса албай.
Айыктырып алайын, Желден,
Айтканыма көңүл бөл,
Мен бул жерде калайын, Желдең.
Досчулугуң санасаң,
Таягың алгын колуңа, Желдең.
Желдей учуп токтобой,
Жөнөгүн айткан жолума, Желдең.
Эки жакка бурулбай,
Бет алгын Бейкут талааны, Желдең.
Белгилүү го ал жерде,
Нурперинин кабары, Желдең.
Гулгаакы гүлүн ала кет, Желдең,
Жан чөнтөккө сала кет, Желдең.
Агаларды жеткенде,
Айыктырып кеселден,
Ак чатырын чечтиргин, Желдең.
Кылчаңдатпай, кыйылтпай
Мен, досуң көздөй көчүргүн, Желдең.
Жаныбарым, Кылкара,
Жакшы багып төтөлөп, Желдең.
Чамам келсе жылыштап,
Ушул жолдон күтөмүн, Желдең».
«Макул болот, куп болот, Жоодар,
Айткан сөзүн, эп болот, Жоодар.
Айныбай жолго салайын, Жоодар,
Айткан жериң табайын, Жоодар.
Ал Нурпери сулууга,
Аман-эсен сырттандын,
Калганын айтып барайын, Жоодар».
Деп ошентип Куюнуң,
Кош айтышты сырттанга.
Жолго чыккан кези ушул,
Жер танабын текшилеп,
Болжой карап тутпанга*.
Куюн Желдең жүргөндө,
Желгенине жел жетпейт,
Басканына мал жетпейт.
Арыш керип, созду ошол
Ачып көздү жумгуча
Көздөн кайым болду ошол.
Кайрадан Жоодар калган жер,
Какшыган кургак талаада.
Кылкара бутун сындырып,
Катуу батып санаага.
Очорулуп Кылкара,
Үч аяктап баса албай.

