Жоодарбешим
Булут менен ободо,
Куш элеси көрүнүп.
Канаттарын караса,
Күндүк жерге жайылып.
Кыраан эрди бет алып,
Асмандан түштү сайылып.
Жакын учуп келгенде,
Жандан башка түрү бар,
Жону кара, боору чаар,
Чоңдугун көрсөң бир укмуш,
Тоодой болгон кара куш,
Жерге келип конгону.
Кайран Жоодар ошондо,
Канатынын күүсүнөн,
Учуп барып токтоду.
Кара куштун алдында,
Короолудай окшоду.
Темир экен текөөрү,
Мүрт кетип өлөт тепкени.
Кыраан Жоодар ошондо,
Алп кара куш экенин,
Кыялында билиптир.
Ар тырмактын өзүндө,
Катарынан илинип,
Кырктан бугу жүрүптүр.
Бул Кара куш жаныбар,
Бир башкача өзү бар,
Айнектей тунук көзү бар.
Жоодарды карап сүйлөсө,
Адамзаттын сөзү бар.
Алп кара куш кеп айтат;
«О, азамат,— деп айтат,
Менде кандай ишиң бар,
Токтобостон айта сал?
Бул дүйнөдө болгондон,
Достошконум Төштүккө,
Башка мүшкүл түшкөндө,
Түтөткүн деп бир тал жүн,
Берген белгим Төштүктө.
Куш элеси көрүнүп.
Канаттарын караса,
Күндүк жерге жайылып.
Кыраан эрди бет алып,
Асмандан түштү сайылып.
Жакын учуп келгенде,
Жандан башка түрү бар,
Жону кара, боору чаар,
Чоңдугун көрсөң бир укмуш,
Тоодой болгон кара куш,
Жерге келип конгону.
Кайран Жоодар ошондо,
Канатынын күүсүнөн,
Учуп барып токтоду.
Кара куштун алдында,
Короолудай окшоду.
Темир экен текөөрү,
Мүрт кетип өлөт тепкени.
Кыраан Жоодар ошондо,
Алп кара куш экенин,
Кыялында билиптир.
Ар тырмактын өзүндө,
Катарынан илинип,
Кырктан бугу жүрүптүр.
Бул Кара куш жаныбар,
Бир башкача өзү бар,
Айнектей тунук көзү бар.
Жоодарды карап сүйлөсө,
Адамзаттын сөзү бар.
Алп кара куш кеп айтат;
«О, азамат,— деп айтат,
Менде кандай ишиң бар,
Токтобостон айта сал?
Бул дүйнөдө болгондон,
Достошконум Төштүккө,
Башка мүшкүл түшкөндө,
Түтөткүн деп бир тал жүн,
Берген белгим Төштүктө.

