Сырттан Төштүк атаңдын,
Темене канат кезимде,
Өмүрүмдө унуткус,
Кылган иши эсимде.
Алп кара куш ата, энем,
Жети күнү болгуча,
Жердин үстүн чалчу экен.
Жети күнү болгуча,
Жердин астын чалчу экен.
Бизди таштап кетиптир,
Жердин үстүн чалганы.
Ак чынардын башында,
Алачыктай уяда,
Калыптыр биздей балдары.
Ата, энем кетип калганын,
Ажыдаар аңдып билчү экен.
Абайлап келип ал жырткыч,
Неме койбой сорчу экен.
Ата, энем кайра келгенче,
Уясын жалап койчу экен.
Ажыдаар антип тооруптур,
Балапанын өстүрбөй,
Кырк жылы катар соруптур.
Ошол жылы балдары,
Аман-эсен калбаса,
Жерге тийип өлүүгө,
Убада кылып коюптур.
Токсон кулач ажыдаар,
Уядагы биздерди,
Ороор кези болгондо,
Оозун ачып илеп тартып,
Сороор кези болгондо.
Жаш балапан этине,
Тоер кези болгондо.
Сырттан Төштүк кабылан,
Кайыбынан кабылып,
Кайыптан акыл табылып.
Муну көзү илиптир,
Балапанды жутарын,
Акылман Төштүк билиптир.
Алтын жаак, сыр жебе,
Оңдоп колго алыптыр.
Чалмага жебе чалыптыр,
Ооз омуртка тушу — деп,
Ойрондор жерим ушул — деп,
Тартып келип калыптыр.
Жетиптир жебе зыркырап,
Ооз омуртка кулкуну*,
Кеткен экен быркырап.
Буралып жерге түшүптүр,
Иши минтип бүтүптүр.