Жезилик келип шаарына,
Калка болуп карганда,
Кадимки Агай канына.
Желдең кетти жерине,
Кабар алып Төштүктөн,
Жер алдында элине.
Бейкутчулук бир заман,
Орноп кыпчак элинде.
Төрт түлүк малы төлдөшүп,
Жайылын салкын төрүнө.
Канатын тарап каркылдай,
Каз, өрдөк конуп көлүнө.
Гүл өсүптүр жайкалып,
Какшыган талаа чөлүнө.
Бар кырсыктан кутулуп,
Баатырдын иши жөнөптүр.
Аксаамай менен Нурпери,
Жарышып эркек төрөптүр.
Эл, журту бирге тилектеш,
Кубанычка толуптур.
Тоюна токсон союптур,
Азан айтып карылар,
Аксаамай сулуу төрөгөн,
Алтын көкүл баланы,
Жолоочу деп коюптур.
Нурпери сулуу төрөгөн,
Күмүш көкүл баланын,
Жортуулчу аты болуптур.
Тең чоңоюп балдары,
Күн толгонуп ай болуп,
Баатырдын көөнү жай болуп,
Урунарга тоо калбай,
Урушарга жоо калбай,
Жоодарбешим баатырың,
Кылымга аты даңк болуп.
Кыдырып жүрүп ааламды,
Кыйлада келген элине,
Кек ала сакал чал болуп.
Капарсыз жашап калыптыр,
Калкына калыс кан болуп.

АЙРЫМ СӨЗДӨРДҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Акыра — тексттеги маанисине караганда жапайы жырткыч айбандын түрү.
Апта — бир жума, жети күндүк мезгил.
Байсалдуу — жайлуу, тынч, бейпил.
Бата — 1. Курандын биринчи сүрөесүнүн аталышы. 2. Кол жайып жакшы тилекти билдирүү расмиси.
Бейиш — 1. Өлгөн адамдардын жаны тигил дүйнөгө өткөндө түбөлүк жыргап өтүүчү жайы. 2. Жыргал, ыракат.
Жумур — малдын тогуз катка бириккен тамак сиңирүүчү органы.
Жуушаты — малдын жуушаган жери, жуушап эс ала турган орду.
Зомбу — зордукчу, кара күчкө салуучу.
Илбээсин — эти желе турган аңчылык кылуучу жапайы канаттуулар.
Ит көйнөк — жаны төрөлгөн балага кийгизилип, кырк күндөн кийин чечилүүчү жеңи узун көйнөк.
Кеп — 1. Бир нерсенин сырткы кебетеси, калыбы. 2. Башка бир кебетеде болуу, окшошуу, түспөлдөшүү.
Керик — тумшугунда бир же эки мүйүзү бар жапайы ири жаныбар; носорог.
Килит - ачкыч.
Көп - - калың эл, көпчүлүк, калайык-калк.
Кулкун — жеген тамак-аштын ооздун ичинен өтө турган, жута турган органдын бөлүгү,
Кутпа — түндүк тарап.
Күдөрү — абдан жакшы ийленген жумшак кайыш.
Кылына — сөздүн маанисине жана текстке караганда көңүл, ой деген түшүнүк берет.
Мунара — баш жагы кууш келген, бийик салынган курулуш, бурана.
Мууздо — малды сойгондо коконун бычак өтө турган жери.
Нар кескен — жоо куралынын аталышы.
Ноолураак — кичирээк, чакан, анча чоң эмес.
Оттук — от күйгүзүү үчүн колдонулган чакмак таш.
Саадак – жебе салынуучу кутуча, баштыкча.
Сап болуу — түгөнүү, жок болуу, түп орду менен тыптыйпыл болуу.
Сеп — күйөөгө берилүүчү кыздын буюм-тайымы.
Сүбө — жетим кабырга.
Сүмбө — мылтыкка салынган дарыны, окту шыкоого, ошондой эле мылтыкты тазалоого ылайыкталып жасалган таякча.
Танап — жер аралыгынын өлчөмү.
Тозуу — эскирүү, жыртылуу.
Тумар — ар түрдүү кырсыктардан сактоо үчүн курандын аяттары жазылып, кездемеге же булгаарыга салынып, үч бүктөлүп тигилген моюнга салынуучу нерсе.
Туралы — текст боюнча жапайы уйдун аталышы.
Туур — кыраан куштарды кондурууга атайын жерге бекитилип жасалган, эки таякчага туурасынан орнотулган жыгач.
Устукан — текст боюнча арык деген мааниде.
Үртүк — кооздолгон ат жабдыгы.
Чайинги — баатырлар кийүүчү жоо кийими.
Чырга — кыраан куштарды таптоодо колдонулуучу айбандын же канаттуунун кеби.
Шокүлө — төбөсү шиш формасында кыздар, келиндер кийүү үчүн кооздолуп жасалган баш кийим.