Жердин жүзү жуурулуп,
Суу ордуна кан агып.
Жер жайнаган калың дөө,
Бет келе албай Жоодарга,
Турган жери камалып.
Муну көрүп Темир алп,
Карап турсам болбойт — деп,
Оюна койсом бул Жоодар,
Кошуундан неме койбойт — деп.
Өжөрлөнүп кектешип,
Өзү кирди казатка,
Кайра баштан беттешип.
Жезилик кетти кармашып,
Жер жайнаган кол менен.
Алдыга салып сүрүптүр,
Алкымдагы жол менен.
Аңгемени салалы,
Айыгышкан эки дөө,
Айбаты башка зор менен.
Арачалар адам жок,
Кыргын болгон талаада,
Башка бир жан калган жок.
Эпке келип эки дөө,
Кармашмак болду арман жок.
Найзага туруп беришип,
Кезек менен челишип.
Сооттун баары сүзүлүп,
Найзалар тынбай үзүлүп.
Ат үстүндө эңишип,
Ала албады жеңишип.
Кара күчкө салышып,
Канча күн тынбай алышып.
Башка арга жок болуп,
Чарчагандан урушпай,
Эки дөө турду токтолуп.
Эки жакты бет алып,
Бастырып кетип калганы.
Ээр белдей дөбөгө,
Эки дөө чыгып барганы.
Ээрин албай атынын,
Чылбырын башка жаздады.
Коңурук тартып коркурап,
Булар уйку салганы.
Козголбостон баатырлар,
Кыйла күн уктап жатышып,
Алп уйкуга батышып.
Андан кийин ойгонуп,
Бууданын токуп мингени.
Кайра баштап казатка,
Кайран дөөлөр кирди эми.
Сумсайышып экөө тең,
Бул жолу башка түрлөрү.

ЖООДАРБЕШИМДИН ТЕМИР КУЛАК АЛПТЫ ЖЕҢГЕН ЖЕРИ

Баштагыдан беш эсе,
Айкырышып барышып.
Арстандай күр этип,
Аянбай чеңгел салышып.
Кайран Жоодар ойлонуп,
«Атам Төштүк арстан
Ордо жатса кор болуп.
Жаткан жери сыз болуп,
Татканы азап, шор болуп.
Кайран Төштүк кабылан,
Карыган кезде куруду — деп,
Кеп кылгандыр кыйла журт,
Кезип кеткен кайрымсыз,
Бербе кудай уулду — деп.
Бул шылдыңга калгыча,
Туулбай туна чөгөйүн.
Темир алптын колунан,
Ажал жетпей өлөйүн.
Кайратым салып акыры,
Алп урушун көрөйүн.
Салгылашып дөө менен,
Салайын түркүм өнөрүм».
Деп ошентип эр Жоодар,
Намысы батып ичине.
Баштагыдан беш эсе,
Баатыр кирди күчүнө.
Бет келишип ошондо,
Берен Жоодар барганы.
Белдеги темир курунан,
Беш кабаттап кармады.
Байкап көрсө баатырың,
Баштагыдай көрүнбөйт,
Темир алптын дарманы.
Алп урушуп жүргөндө,
Ооган экен шайманы.
Күчкө салып эр Жоодар,
Оңуна кирип алганы.