Кара чаң чыгып коюлуп,
Капталы жердин союлуп.
Асмандаган чуу болуп,
Барабан үнү бапылдап,
Найзанын учу жалтылдап.
Үзөңгү бутта кагышын,
Үймөлөктөп көп кошуун,
Үйөрдөй каптап жарышып.
Жоодар, Жоодар болгону,
Жоодар атка конгону.
Жердин жүзүн кыдырып,
Желмогузду баш кылып,
Нечен дөөнү сойгону.
Мындай укмуш көрбөгөн,
Мындай башка келбеген.
Толкуганы көл болуп,
Токтотууга чама жок,
Тозоңу тоодой сел болуп.
Карап турду таңданып,
Жезилик балбан ал болуп.
Эки берең ошондо,
Сурун салып сумсайып,
Жер жайнаган кол келсе,
Коер эмес кылчайып.
Көнгөн баатыр эместа,
Көп беттешип жоо сайып.
Намысын жанга бербеген,
Беттешип пенде жеңбеген.
Өрт аралап келсе да,
Өлүм эске келбеген.
Бет алышып турганы,
Жер жайнаган кол менен,
Темир кулак зор менен.
Теңдеши жок эр менен,
Каптап келген сел менен.
Ажал жетсе өлдүк — деп,
Азапты чогуу көрдүк — деп.
Шейит кетсек душмандан,
Айтылып калар эрдик — деп
Эр Жезилик найза алып,
Кагылыша кеткенин,
Кара жерге кулатып.
Берен Жоодар жаа тартып,
Бет келгенин бетке атып,
Бет-бетинен сулатып.
Шамдагайы болжолсуз,
Жамгырдай окту чубатып.
Жаз маңдайын сыя атып,
Жабылганын кулатып.
Кылычташа кеткендин,
Алмадай башы кесилип.
Найзалаша кеткендин,
Сүбөсү кыйрап тешилип.
Качырганы катылып,
Кызыл каны чачылып.