Кылычы кыйрап кыңгырап,
Чоюнбаш менен салышып,
Төбөнүн баары зыңгырап.
Эр Жезилик, дөө Жөгүр,
Эрегишип челишип,
Эми кетти эңишип.
Кыйлага чейин алышып,
Манжалары карышып.
Атка балбан Жезилик,
Оңуна келе калганы.
Көчүгүн ээрден кыйшайтып,
Жөгүрдү эңип алганы.
Бул кызыкка таңданып,
Өйүз-бүйүз эки жоо,
Тиктеп турат жарданып.
Куюн Желдең жөө күлүк,
Мойнуна курун салынып,
Кудайым бер деп Жоодарга,
Жаратканга жалынып.
Шерменде кылба мени — деп,
Жалгай көр Жоодар эрди — деп.
Бар тилеги башынан,
Ашын турат байкушуң.
Аркы-терки чыдабай,
Басып турат байкушуң
Эр Жезилик балбаның,
Дөө Жөгүрдү жеңгенде,
Курган Желдең сүйүнүп.
Намысы кетип колунан,
Темир кулак күйүнүп.
Айрылып турган жер ошол,
Таянган бийик тоосунан.
Адегенде сокмок жеп,
Айыгышкан жоосунан.
Эрдемсиген дөө Жөгүр,
Жезиликтен жан болуп,
Өтү чыгып оозунан.
Темир кулак ошондо,
Көк Аргынга камчы уруп,
Көк камандай айкырып,
Ичи күйүп, чок болуп.
Тура албастан токтолуп.
Эр Жоодарды бет алып,
Жөнөп калды октолуп.
Сырттандын түрү бир башка,
Минген аты Кылкара.