Жоодарбешим
«Ак-Булакта Ак аркар,
Союлгурду сойгон го.
Сол көзүн кузгун ойгон го,
Канына бөрү тойгон го.
Жаным ооруйт аябай,
Жаман жорук болгон го.
Алтын сандык жоголсо,
Өмүрүм чөптөй соолгон го».
Темир алп мындай кеп уруп,
Эр Жоодардан шек уруп.
Күркүрөшү күн болуп,
Бети башы түктөйүп,
Беш байпактык жүн болуп.
Каарданып бакырып,
Кароолчусун чакырып.
Келген элди жапырып,
Кырып ие жаздады.
Кылчандабай баарыңар,
Току — деди аттарды.
Кылыч тагып боюна,
Чоюнбаш алып колуна.
Көк Аргын минип, зүңгү алып,
Жөнөп калган кези ушул,
Жоодардын келчү жолуна.
Жаман жорук, көп белги,
Жоруй берип Темир алп,
Жүрөгү келип оозуна.
Өзү жүрөт алдыда,
Алты жүз балбан жанында.
ЖООДАРБЕШИМДИН ТЕМИР КУЛАК АЛП МЕНЕН КАРМАШКАНЫ
Ал аңгыча болгон жок,
Алды жагын караса,
Шашып жүргөн адам бар.
Алды-кийинин карабай,
Качып жүргөн адам бар.
Абайласа Темир алп,
Артында тоодой караан бар.
Кароолчу кабар алыптыр,
Чокудан кароол чалыптыр.
Баатыр Жоодар караанын
Алыстан көрүп калыптыр.
Акылынан шашыптыр,
Арстандай сүрүнөн,
Антаңдап кайра качыптыр.
Сеңирдин жолун четке алып,
Темир алпты бет алып,
Тоодой эки дөө чыкты.
Оң жагында арбайган,
Айбаалыдай жөө чыкты.
Эки ийин эки мөңгүдөй,
Беттешкенди жеңгидей.
Аттары буудан алкынат,
Аспабы түркүн жаркылдап.
Туура жолго буйдалбай,
Келатат түптүз шартылдап.
Жаныбарың Кылкара,
Жоргосун жазбай кылтылдап.
Жал куйругу жайылып,
Кундуздай жүнү жылтылдап.
Даңкан ыргып асманга,
Төрт аяктан буртулдап.
Эр Жезилик, эр Жоодар,
Башталып иши оңунан,
Чоюндун уулу Темир алп,
Тосуп чыгып жолунан,
Зыңгырап келди кенебей.
Жер жайнаган дөөлөрдү,
Бучкагына теңебей.
Темир кулак, эр Жоодар,
Маңдай, тескей турганы,
Ооздугун чайнап жер чапчып,
Алдындагы бууданы.
Күндөн бетер күркүрөп,
Темир алп сүйлөп турганы:
«Ок жетпеген атың бар,
Орою бузук затын бар.
Кайдан келген немесиң,
Жолоочу болсоң жол мына,
Жоолашар болсоң кол мына.

