Жоодарбешим
Деп ошентип эр Жоодар,
Айтып туруп калганы.
Темир кулак алпыңдын,
Капкайда жини кармады.
Кышкы кирген буурадай,
Каалгадай кашка тиш,
Качырата чайнады.
Жөгүр деген бир баатыр,
Жээрде чолок ат менен,
Жекеге чыгып калганы.
Буга Жоодар камдады,
Эр Жезилик балбанды.
Найза кезеп, колго алып,
Атагы бар ал Жөгүр,
Айгышып нечен жоо сайып,
Катуу кирди качырып,
Капталга атын бир салып.
Ураан салып бакырып,
Темир алп деп айкырып,
Тозону тоодой буркурап,
Найзанын учу жылтырап,
Жебедей учуп зыркырап.
Жезилик оңой эр эмес,
Жети аяктуу жээрде атты,
Жекеге минип чыкты ошо,
Жеңиле коер неме эмес.
Сурун салып сурданып,
Тогуз катар соот кийип,
Буттай темир курчанып,
Колуна найза курч алып.
Алдындагы бууданды,
Кара санга бир салып.
Кара мурут чыйралып,
Кулакка жетет калкайып.
Аты менен зордугу,
Ала-Тоодой залкайып.
Найза кармап колуна,
Ураан тартып бакырып,
Эр Жоодарлап чакырып.
Жөгүр менен кездешип,
Калган жери беттешип.
Эмне болор экен — деп,
Беркилер карап калышып.
Найза согуп төшүнө,
Баатырлар кетти кагышып.
Найза сыиып белипеп,
Кулачы кслдо калышып.
Аянбастан бир-бирин,
Оройго келип салышып.
Кылычты кыидан суурушту,
Кырчылдашып турушту.
Айтып туруп калганы.
Темир кулак алпыңдын,
Капкайда жини кармады.
Кышкы кирген буурадай,
Каалгадай кашка тиш,
Качырата чайнады.
Жөгүр деген бир баатыр,
Жээрде чолок ат менен,
Жекеге чыгып калганы.
Буга Жоодар камдады,
Эр Жезилик балбанды.
Найза кезеп, колго алып,
Атагы бар ал Жөгүр,
Айгышып нечен жоо сайып,
Катуу кирди качырып,
Капталга атын бир салып.
Ураан салып бакырып,
Темир алп деп айкырып,
Тозону тоодой буркурап,
Найзанын учу жылтырап,
Жебедей учуп зыркырап.
Жезилик оңой эр эмес,
Жети аяктуу жээрде атты,
Жекеге минип чыкты ошо,
Жеңиле коер неме эмес.
Сурун салып сурданып,
Тогуз катар соот кийип,
Буттай темир курчанып,
Колуна найза курч алып.
Алдындагы бууданды,
Кара санга бир салып.
Кара мурут чыйралып,
Кулакка жетет калкайып.
Аты менен зордугу,
Ала-Тоодой залкайып.
Найза кармап колуна,
Ураан тартып бакырып,
Эр Жоодарлап чакырып.
Жөгүр менен кездешип,
Калган жери беттешип.
Эмне болор экен — деп,
Беркилер карап калышып.
Найза согуп төшүнө,
Баатырлар кетти кагышып.
Найза сыиып белипеп,
Кулачы кслдо калышып.
Аянбастан бир-бирин,
Оройго келип салышып.
Кылычты кыидан суурушту,
Кырчылдашып турушту.

