Этеги желге жайылын,
Эми жакын жеткени,
Эрдигине салышып,
Эрегишер кез келди.
Найза менен Карачок,
Эшип өтүп кетем — деп.
Тиктеген жерим кыйратып,
Тешип өтүп кетем — деп.
Бек шилтеди найзасын,
Түбүңө сенин жетем — деп.
Ошондо, жаныбарың Кылкара,
Айбандан эстүү жан эле.
Пайза менен жебеге,
Ар өнөрү бар эле.
Жаныбарың Кылкара,
Бул жоругу кармады.
Болот зүңгү жетерде,
Күүсү менен Карачок,
Көмө коюп өтөрдө,
Жапыс болуп коендой,
Жалт этип буйтап калганы.
Өксүп калды Карачок,
Жаза шилтеп найзаны.
Кыраан Жоодар эр үчүн,
Кылкара кылып айланы.
Күүсү менен Карачок,
Кыйла жерге барганы.
Кайрылып Көк качырга,
Жана камчы салганы.
Каары бетине айланып,
Кылкарага таңданып.
Убаданы бузганы,
Кезек бербей баатырга,
Кезеп найза сунганы.
Аны Жоодар көргөндө,
Ак шумкардай талпынып,
Арстандай айкырып,
Атына камчы урганы.
Эрен Жоодар, Карачок
Бет келишип турганы.
Ажалга башты сайган жер,
Айкырышып барган жер.
Ар-намысты талашып,
Айыгышып согуш салган жер.
Өжөрлөнүп эки дөө,
Өлүм издеп калган жер.
Кармашканы башкача,
Зардабын мунун байкап көр.