Жоодарбешим
Ошол буюм адамдын,
Көз сөөгүнөн жасалган.
Неченин кадап олтуруп,
Күмүштөн чеге кадалган.
Оор өлчөмүн салдырып,
Дуба менен байлаган.
Жети жыл жерге каттырып,
Жин, пери окуп жайлаган.
Көрүп койсо адамзат,
Касиети кетчү экен,
Байлаган сыры ачылып.
Берметтейден мөлтүрөп,
Карачоктун буюму,
Жерге кетти чачылып.
Көрүп туруп ошону,
Дөөнүн жаны ачынып.
Эрен Жоодар сени — деп,
Турган жери качырып.
Алдындагы буудандан,
Бутадай ыргып даңканы,
Туш, туш жакка чачылып.
Карап турган адамдар,
Тамашасы басылып.
Ошондо көрсөң Жоодарды,
Чоңдугу тоодой даңкайып.
Каадасын жазбай Кылкара,
Айбандай шашпай маңкайып.
Кезегин берип эр Жоодар,
Төшүн керип турду эле.
Тоготпойт мени кимсиң — деп,
Эр Карачок экеним,
Эскерип мени билсин — деп,
Найза сунуп күрсүлдөп,
Жанагы чочкоңду кудай урду эле.
Колундагы чоң зүңгү,
Кош колдоп кармап тиштенип,
Айкырык салып арстандай,
Алтымыш эсе күчтөнүп.
Өң-түсүнө карасаң,
Ажыдаар түстөнүп.
Чоктун жини кайнаптыр,
Эр Жоодарды сойсом — деп,
Эрдин кесе чайнаптыр.
Көз сөөгүнөн жасалган.
Неченин кадап олтуруп,
Күмүштөн чеге кадалган.
Оор өлчөмүн салдырып,
Дуба менен байлаган.
Жети жыл жерге каттырып,
Жин, пери окуп жайлаган.
Көрүп койсо адамзат,
Касиети кетчү экен,
Байлаган сыры ачылып.
Берметтейден мөлтүрөп,
Карачоктун буюму,
Жерге кетти чачылып.
Көрүп туруп ошону,
Дөөнүн жаны ачынып.
Эрен Жоодар сени — деп,
Турган жери качырып.
Алдындагы буудандан,
Бутадай ыргып даңканы,
Туш, туш жакка чачылып.
Карап турган адамдар,
Тамашасы басылып.
Ошондо көрсөң Жоодарды,
Чоңдугу тоодой даңкайып.
Каадасын жазбай Кылкара,
Айбандай шашпай маңкайып.
Кезегин берип эр Жоодар,
Төшүн керип турду эле.
Тоготпойт мени кимсиң — деп,
Эр Карачок экеним,
Эскерип мени билсин — деп,
Найза сунуп күрсүлдөп,
Жанагы чочкоңду кудай урду эле.
Колундагы чоң зүңгү,
Кош колдоп кармап тиштенип,
Айкырык салып арстандай,
Алтымыш эсе күчтөнүп.
Өң-түсүнө карасаң,
Ажыдаар түстөнүп.
Чоктун жини кайнаптыр,
Эр Жоодарды сойсом — деп,
Эрдин кесе чайнаптыр.

