Көксөм сууп бир жолу,
Кала турган кез келди».
Деп күпүлдөп Карачок,
Күнөөнү катуу оодарды.
Опузалап менменсип,
Жазыгы жок Жоодарды.
Жоодар болсо кашкайып,
Зың, зың этип кенебей.
Алтымыш баатыр, бир дөөнү,
Бучкагына теңебей.
Кылкара оозун бурганы,
Кылыгы келип баатырың,
Оозун тартып атынын,
Кыймылдабай турганы.
Мунун жайы кандай — деп,
Куюндай бир ооз сурады.
Анда Желден, кеп айтат:
«Мунун жайын менден ук,
Бул бир жаткан макулук.
Атасы мунун да бир алп,
Ит-Ичпести жердеген.
Гүлгаакы гүлүн адамга,
Дары десе бербеген.
Жоолоп алып бул жерди,
Кыйладан бери жердеген.
Гүлгаакылуу бул көлдү,
Менчик кылып ээлеген.
Кашаң алптын баласы,
Карачок деген мына ушу.
Бойго жеткен кезинде,
Баштаган мындай жумушту.
Ал жеткендин баарысын,
Көлдөн алыс айдаган.
Каршы айткан бар болсо,
Карап турбай жайлаган.
Буга, алышкан алы жетпеген,
Айыгышкан душман четтеген.
Эрдемсиген неченди
Таманга салып тепсеген.
Карачоку бет алып,
Келген эсен кетпеген.
Абайлап уруш сала көр,
Теңдеши башка эр менен.
Кайра тартпа сырттаным,
Ажал жетсе өлөбүз.
Жараткан кудай жалгаса,
Бул көөдөктү жеңебиз».