Жоодарбешим
Гүлгаакынын гүлүнө
Мен дагы барып көрөйүн.
Ит-Ичпестин Ала-Көл,
Жерге чейин барайын.
Адам атын укпаган
Белге чейин барайын.
Айланайын, жан досум,
Сенден кантип калайын».
Мына ошентип эр Жоодар,
Жолдош тапты жанына.
Ай караңгы күн болсо,
Болжош тапты жанына.
Жөнөп калды бул экөө,
Ит-Ичпес көлүн бет алын,
Аңгеме сөздөн салышып.
Бири атчан, бири жөө,
Учкан куш менен жарышып.
Желдей учуп Куюну,
Койгонду билбейт талыкшып.
Куюн Желдең абалы,
Айтканындан бар экен.
Камгактай жеңил желпилдеп,
Жолдой сызган жан экен. .
Адам билбес эки дос,
Белге келип турду эле.
Уч-кыйры жок түз талаа,
Жерге келип турду эле.
Ала-төлөк шабырлуу,
Көлгө келип турду эле.
Куюн анда муну айтат,
Адам билбес шумду айтат:
«Байкачы, досум эр Жоодар,
Гүлдүн жыты буркурайт.
Гүлгаакынын өзү го,
Түркүн куш сайрап чуркурайт».
Жоодар, Желдең жарышып,
Көлгө жетип барышып.
Издеген жогун бул экөө
Убара болбой табышып.
Каалашынча жыйышын,
Канжыгага чалышып.
Жыты жыпар гүл экен,
Гүлгаакы гүлү жарыктык.
Жалбырагы саймадай,
Миң кубулган түр экен.
Жыты жыпар буркурап,
Дүйнөдө жок гүл экен.
Мен дагы барып көрөйүн.
Ит-Ичпестин Ала-Көл,
Жерге чейин барайын.
Адам атын укпаган
Белге чейин барайын.
Айланайын, жан досум,
Сенден кантип калайын».
Мына ошентип эр Жоодар,
Жолдош тапты жанына.
Ай караңгы күн болсо,
Болжош тапты жанына.
Жөнөп калды бул экөө,
Ит-Ичпес көлүн бет алын,
Аңгеме сөздөн салышып.
Бири атчан, бири жөө,
Учкан куш менен жарышып.
Желдей учуп Куюну,
Койгонду билбейт талыкшып.
Куюн Желдең абалы,
Айтканындан бар экен.
Камгактай жеңил желпилдеп,
Жолдой сызган жан экен. .
Адам билбес эки дос,
Белге келип турду эле.
Уч-кыйры жок түз талаа,
Жерге келип турду эле.
Ала-төлөк шабырлуу,
Көлгө келип турду эле.
Куюн анда муну айтат,
Адам билбес шумду айтат:
«Байкачы, досум эр Жоодар,
Гүлдүн жыты буркурайт.
Гүлгаакынын өзү го,
Түркүн куш сайрап чуркурайт».
Жоодар, Желдең жарышып,
Көлгө жетип барышып.
Издеген жогун бул экөө
Убара болбой табышып.
Каалашынча жыйышын,
Канжыгага чалышып.
Жыты жыпар гүл экен,
Гүлгаакы гүлү жарыктык.
Жалбырагы саймадай,
Миң кубулган түр экен.
Жыты жыпар буркурап,
Дүйнөдө жок гүл экен.

