Жоодарбешим
Абалкы бир убакта,
Жер алдында элдерди
Кара дөө, Көк дөө бийлеген.
Каяша айтып аларга
Жок экен каршы сүйлөгөн.
Чоңдугу тоодой дөө экен,
Мал, жан, жер, суу болгонго
Чогуусу менен ээ экен.
Каары катуу алп экен,
Каман, сабан эл-журтун,
Калкына катуу каршы экен.
Баш көтөргөн эр болсо,
Башка кылар чара жок,
Башын кесип салчу экен.
Ал Көк дөөнүн желдети,
Жалгыз көздүү желмогуз,
Жарты баш деген дөө болгон,
Кармап келип адамды,
Шишке сайып кактап жеп,
Кара майлык көө болгон.
Жана анын колунда,
Жети баштуу желмогуз,
Бул шумдугу бар экен...
Жанжалды мындай салыптыр,
Эрен Төштүк буларды
Күч менен жеңип алыптыр.
Ошо уруш болгондо,
Төрт Маамыт эрен өлүптүр,
А дүйнө жайды көрүптүр.
Кара дөө, Көк дөө жай болуп,
Жер алдында элдерге,
Эки дөөнүн зарпынан
Кутулдуң деген жар болуп.
Эр Төштүктүн досу экен,
Кумурскабектин Кулкутан
Ошол элге кан болуп.
Азат берип ал элге,
Анан Төштүк кайраның
Алп кара куш миниптир.
Быйтыкүн, Күлай жар алып,
Жер үстүнө чыгыптыр.
Кайра айтып кабыштап,
Атадан жетим калды — деп,
Кайран Төштүк өзүмдү,
Кулкутай кандын өзүнө
Кеткен экен табыштап.
Ошентип ишим оң болуп,
Жстилипмин кайран мен,
Жетим жүрүп чод болуп.
Ошо, жер алдынын паашасы,
Кумурскабектин Кулкутан,
Куюндан калган белек — деп,
Кызматыма керек — деп,
Куюн Желден. коюптур.
Кызматына жүргөнүм
Кыйла жылга толуптур,
Ошо Кутан бир күнү
«Эсине Төштүк түштү — деп,
Көрүшөм деген мезгилдин
Көбү өтүп бүттү — деп.
Жер алдында элдерди
Кара дөө, Көк дөө бийлеген.
Каяша айтып аларга
Жок экен каршы сүйлөгөн.
Чоңдугу тоодой дөө экен,
Мал, жан, жер, суу болгонго
Чогуусу менен ээ экен.
Каары катуу алп экен,
Каман, сабан эл-журтун,
Калкына катуу каршы экен.
Баш көтөргөн эр болсо,
Башка кылар чара жок,
Башын кесип салчу экен.
Ал Көк дөөнүн желдети,
Жалгыз көздүү желмогуз,
Жарты баш деген дөө болгон,
Кармап келип адамды,
Шишке сайып кактап жеп,
Кара майлык көө болгон.
Жана анын колунда,
Жети баштуу желмогуз,
Бул шумдугу бар экен...
Жанжалды мындай салыптыр,
Эрен Төштүк буларды
Күч менен жеңип алыптыр.
Ошо уруш болгондо,
Төрт Маамыт эрен өлүптүр,
А дүйнө жайды көрүптүр.
Кара дөө, Көк дөө жай болуп,
Жер алдында элдерге,
Эки дөөнүн зарпынан
Кутулдуң деген жар болуп.
Эр Төштүктүн досу экен,
Кумурскабектин Кулкутан
Ошол элге кан болуп.
Азат берип ал элге,
Анан Төштүк кайраның
Алп кара куш миниптир.
Быйтыкүн, Күлай жар алып,
Жер үстүнө чыгыптыр.
Кайра айтып кабыштап,
Атадан жетим калды — деп,
Кайран Төштүк өзүмдү,
Кулкутай кандын өзүнө
Кеткен экен табыштап.
Ошентип ишим оң болуп,
Жстилипмин кайран мен,
Жетим жүрүп чод болуп.
Ошо, жер алдынын паашасы,
Кумурскабектин Кулкутан,
Куюндан калган белек — деп,
Кызматыма керек — деп,
Куюн Желден. коюптур.
Кызматына жүргөнүм
Кыйла жылга толуптур,
Ошо Кутан бир күнү
«Эсине Төштүк түштү — деп,
Көрүшөм деген мезгилдин
Көбү өтүп бүттү — деп.

