Баатыр салам бергени,
Ай талаадан кезиккен
Чалды кызык көргөнү,
Бастырып жакын барды эле,
Ким экенин билүүгө,
Жоодар сөздү салды эле:
«Ай ааламды кыдырып,
Безип жүргөн сен кимсиң?
Минип жүргөн атын, жок,
Таяк алып колуңа
Кезип жүргөн сен кимсиң?
Анда мында бир тийип,
Учуп жүргөн сен кимсиң?
Канаты жок жер жүзүн,
Сыдырып жүргөн сен кимсиң?
Ай ааламдын арасын,
Кыдырып жүргөн сен кимсиң?
Көзүмө жылуу көрүнгөн,
Өзүбүздүн элсиңби?
Карыя, айтчы дайныңды,
Жолоочу чыккан айлыңды,
Жердеп жүргөн жериңди,
Мен дагы жүргөн жолоочу,
Жашырбай айтчы элиңди.
Жалгыз жүргөн бул жанды
Жамандык жакка ойлобой,
Баштачы, аба, кебиңди.
Душмандык кылар ишим жок,
Билип кой ачык пейлимди».
Деген кезде карыя,
Малдаш уруп шиберге,
Шып отура калганы.
Баатыр Жоодар ошондо,
Аттан түшө калды эле,
Карыянын жанына
Баатыр жакын барды эле,
Кол берип, колун алды эле,
Сакалын сылап ал адам
Мындай сөздү салды эле:
«Ай ааламды кыдырып,
Безип жүргөн ким? — дедиң.
Таяк алып колуңа,
Асман жердин арасын,
Кезип жүргөн ким? — дедиң.
Менин жайым сурасаң,
Куюн Желдең өз атым,
Желдей учкан жел менен
Ак таяк менин канатым.
Угуп турсаң, сен баатыр,
Укмуш менин санатым.
Турагым жердин алдында,
Кулкутандык шаарында.
Куюн Маамыт өз атам,
Эки жашар кезимде
Жетим калган атадан.