Талаада жалгыз жол баскан
Эриккенин жойду эле.
Желдеңбайга жолугуп,
Курдаш боло калган жер,
Ичтин сырын жашырбай,
Сырдаш боло калган жер.
Асмандагы жылдыздан,
Козголуша калган жер.
Атабыздын салты —деп,
Жоодарбешим, Желдеңиң,
Дос болуша калган жер.
Чыгарып чынын эми айтып,
Эр Төштүктүн баласы,
Жоодар менмин — деп айтын.
Баян салып баатырын.
Аттанып неге келгенин,
Жердин жүзүн кыдырып,
Түркүн кызык көргөнүн.
Ар душман менен кезигип,
Айгышып аны жоңгенин.
Ак аркар кийик атканын
Алтын сака тапканын.
Нурдун кызы Нурпери
Аялдыкка алганын.
Асмайыл менен Осмоюл,
Ноокас болуп калганын.
Ит-Ичпес көлүн уктум — деп,
Гүлгаакыиын гүлү үчүн
Аттанып жолго чыктым — деп.
Атасы Төштүк жайынан,
Жана айтып мындай кеп.
Көк ала сакал чал —деди,
Кадимкидей бар — деди.
Сырттан Төштүк атанып,
Кыпчак элге кан деди.
Анда Желдең кеп айтат,
Баатырга мындай деп айтат:
«Төштүктүн уулу эр Жоодар,
Атасындай шер Жоодар,
Сени менен жөнөйүн,
Эсен Төштүк бар болсо,
Кайра келип көрөйүн.