Бет алган жагы баатырдын,
Ит-Ичпестин көл болуп.
Бара жаткан жолунда
Каак этип учкан карга жок,
Кара талаа ээн болуп.
Катуу тартып жол жүрдү,
Ат аябай мол жүрдү.
Алдындагы Кылкара
Араандай оозун ачтырып,
Ак көбүгүн чачтырып.
Чындап кызып келгенде,
Төрт аяктан буртулдап,
Чымдуу жерден чаң чыгып.
Эчен белес тоо менен,
Эчки жүрбөс зоо менен.
Бугу баспас чер менен,
Бул адамзат болгону
Келип көрбөс жер менен.
Кыясы кыйын тар менен,
Зоодан өтсө түз болгон
Суу жеген кыян жар менен.
Күнү эмес, түн менен,
Агалар өлсө уят—деп
Нурпери айткан тил менен.
Айлап жолду басты эле,
Арстан Жоодар шашты эле.
Алдындагы Кылкара
Алкынтып келе жатты эле.
Алды жагын караса,
Келе жаткан жолунда
Адам чыкты эрбейген,
Таягы бар колунда.
Көргөндүн көөнү бөлүнөт,
Баатыр Жоодар көзүнө
Жакын жандай көрүнөт.
Башында бар ак калпак,
Ала чепкен, ак таяк,
Арстан Жоодар жолунан,
Чыккан жандай акмалап.
Көрсөң түрү бир укмуш,
Баатырды баалап турган жок.
Ким экен деп ал адам,
Атайын көңүл бурган жок.
Азандай үнү жаңырып,
Арстан Жоодар баатырды
Кол булгалап чакырып.