Жоодарбешим
Барып кел деп жумшаса,
Көөдөк эри Жоодарды,
Гүлгаакынын гүлүнө.
Ит-Ичпестин Ала-Көл
Белгисиз жердин түбүнө.
Тилин алып сулуунун,
Жөнөп кетсе ал Жоодар,
Ишти башка баштайлы,
Жүгүн чечип төөлөрдүн,
Көк мейкиндүү бир жерге,
Үй көтөрүп таштайлы.
Экөөбүзгө тең катын,
Нурперини алалы.
Бул дүйнөдө болбогон,
Бир кумардан каналы.
Той аты кылып талаага
Нардан тандап жаралы.
Ит-Ичпестин көлүнө
Барган киши келчү эмес,
Кайрылып үйүн көрчү эмес.
Каалаган тилек ишке ашып,
Нурдун кызы Нурпери,
Буга, бир тамаша салалы».
Деп ошентип бул экөө
Тегин алды сүйлөшүп.
Бул айтканын эп делип,
Маашыр алып бир-бирин,
Уга турган кеп — дешип.
Пурпери менен Жоодарга
Жаман кыял ойлошуп.
Сулууга көзү артылып,
Арамдык ишти болжошуп,
Жете келди артынан,
Тизилген көчтү жетелеп,
Тизгинин тартпай атынын,
Эки жигит энтелеп.
Жоодар буйрук берди эле:
«Мына бул жер биздерге
Ылайыктуу жер экен,
Жайыты жашыл көк экен.
Эс алалы эки күн,
Чарчадыңар, агалар,
Жүрө берип күнү-түн.
Алыскы кыргыз айлыма,
Аман болсом барармын.
Ат арыта жол жүрсөм,
Аз күндө жетип калармын.
Эки жигит токтобой,
Нардын жүгүн чечишип,
Ак өргөөнү жайышты.
Көөдөк эри Жоодарды,
Гүлгаакынын гүлүнө.
Ит-Ичпестин Ала-Көл
Белгисиз жердин түбүнө.
Тилин алып сулуунун,
Жөнөп кетсе ал Жоодар,
Ишти башка баштайлы,
Жүгүн чечип төөлөрдүн,
Көк мейкиндүү бир жерге,
Үй көтөрүп таштайлы.
Экөөбүзгө тең катын,
Нурперини алалы.
Бул дүйнөдө болбогон,
Бир кумардан каналы.
Той аты кылып талаага
Нардан тандап жаралы.
Ит-Ичпестин көлүнө
Барган киши келчү эмес,
Кайрылып үйүн көрчү эмес.
Каалаган тилек ишке ашып,
Нурдун кызы Нурпери,
Буга, бир тамаша салалы».
Деп ошентип бул экөө
Тегин алды сүйлөшүп.
Бул айтканын эп делип,
Маашыр алып бир-бирин,
Уга турган кеп — дешип.
Пурпери менен Жоодарга
Жаман кыял ойлошуп.
Сулууга көзү артылып,
Арамдык ишти болжошуп,
Жете келди артынан,
Тизилген көчтү жетелеп,
Тизгинин тартпай атынын,
Эки жигит энтелеп.
Жоодар буйрук берди эле:
«Мына бул жер биздерге
Ылайыктуу жер экен,
Жайыты жашыл көк экен.
Эс алалы эки күн,
Чарчадыңар, агалар,
Жүрө берип күнү-түн.
Алыскы кыргыз айлыма,
Аман болсом барармын.
Ат арыта жол жүрсөм,
Аз күндө жетип калармын.
Эки жигит токтобой,
Нардын жүгүн чечишип,
Ак өргөөнү жайышты.

