Жоодарбешим
Падыша Нур башында,
Эл узатып баратат.
Дарыядай толкуган,
Көп* узатып баратат.
Чоордун үнү сыбызгып,
Кызыл-тазыл кыз-келин,
Кийгендери кубулжуп,
Сурнайдын үнү бапылдап,
Коштошор мезгил жакындап.
Элдин баары топтолуп,
Бир дөбөгө токтолуп.
Узатышкан жери ушул,
Улуу-кичуү коштошуп.
Кетеринде Нурпери
Көзүнөн жашын имерди.
Акперини кучактап,
Жашып ыйлап жиберди:
«Алыс экен биздин жол,
Алтын көкүл, ак пейил,
Эгизим, эркем, эсен бол!
Эсен жетсек айылга,
Амандыгын билүү үчүн,
Кайрыларбыз эчен жол.
Бел байлаган бел болгун,
Карыган ата-энеңе,
Акбилек экөөң дем болгун.
Кыз болгон соң эр менен
Ээрчип кеттим мен шордуу.
Эркек болуп калбаппыз,
Ичиме кетти арманым.
Башка кылар арга жок,
Эсен болгун ардагым!
Көп ыйласам бышактап,
Карап турат жездекең,
Көңүлүнө албасын».
Ажырашар кез келди,
Ачышып ичи куйүшүп.
Нурпери менен Акпери
Ак бетинен сүйүшүп.
Эл чуркурап кош айтып,
Баатыр Жоодар, Нурпери
Жөнөп калган жер ошол,
Кебез-Тоо көздөй жол тартып.
Жолго чыкты шартылдап,
Көңүлү ачык жаркылдап,
Өзү көргөн жер менен,
Өөдө-Көч деген төр менен.
Эл узатып баратат.
Дарыядай толкуган,
Көп* узатып баратат.
Чоордун үнү сыбызгып,
Кызыл-тазыл кыз-келин,
Кийгендери кубулжуп,
Сурнайдын үнү бапылдап,
Коштошор мезгил жакындап.
Элдин баары топтолуп,
Бир дөбөгө токтолуп.
Узатышкан жери ушул,
Улуу-кичуү коштошуп.
Кетеринде Нурпери
Көзүнөн жашын имерди.
Акперини кучактап,
Жашып ыйлап жиберди:
«Алыс экен биздин жол,
Алтын көкүл, ак пейил,
Эгизим, эркем, эсен бол!
Эсен жетсек айылга,
Амандыгын билүү үчүн,
Кайрыларбыз эчен жол.
Бел байлаган бел болгун,
Карыган ата-энеңе,
Акбилек экөөң дем болгун.
Кыз болгон соң эр менен
Ээрчип кеттим мен шордуу.
Эркек болуп калбаппыз,
Ичиме кетти арманым.
Башка кылар арга жок,
Эсен болгун ардагым!
Көп ыйласам бышактап,
Карап турат жездекең,
Көңүлүнө албасын».
Ажырашар кез келди,
Ачышып ичи куйүшүп.
Нурпери менен Акпери
Ак бетинен сүйүшүп.
Эл чуркурап кош айтып,
Баатыр Жоодар, Нурпери
Жөнөп калган жер ошол,
Кебез-Тоо көздөй жол тартып.
Жолго чыкты шартылдап,
Көңүлү ачык жаркылдап,
Өзү көргөн жер менен,
Өөдө-Көч деген төр менен.

