Жоодарбешим
Кабылан, жолборс, арстандын
Мекендеген жери экен.
Жырткычы күч жан келбей,
Жаралганы ээн экен.
Жайылып жүргөн айбанат,
Жайыгында көп экен.
Ошондо сырттан Жоодарын,
Аралап кирип токойду,
Айкырыкты салды эле.
Баатырдын үнүн укканда,
Токойдогу болгон жан,
Түгөл шашып калды эле.
Үркүп чыкты топтошуп,
Кумдун кула куланы.
Баатырдын үнү чыкканда,
Болгон жан коркуп баса албай,
Туна түшүп кулагы.
Токойдогу жалан шер,
Токтоп мында тура албай,
Тоскон жакка чубады.
Добулбас какса дүңгүрөп,
Кара кулак кабылан,
Жолунан чыгып баатырдын,
Кайратын салып күркүрөп.
Карап турган жан болсо,
Бүткөн бою дүркүрөп.
Карагай менен кайыңдан,
Чокмор жулуп алды ошол.
Айбат кылыл келгенин,
Чокудан ары салды ошол.
Аяк серппей, тырп этип,
Коенчо келбей карууга,
Козголбой жатты шылк этип.
Айбатын салып айкырып,
Арстан, жолборс аралаш,
Айдап алды жапырып.
Башкасына карабай,
Бул тобун бөлөк бөлдү ошол.
Канчалык жырткыч болсо да,
Каарына чыдабай,
Кабылан, шерлер көндү ошол.
Талаанын баарын чаң кылып,
Көргөн жанды таң кылып.
Качып кетем дегенин,
Сабап челек кан кылып,
Калаага айдап келди ошол.
Жоодар баатыр экенин,
Калайык журт көрдү ошол.
Капкалуу кара коргонго,
Санап туруп шерлерди,
Күркүрөтүп эрлерди,
Эрен Жоодар кайранын,
Түгөл камап берди ошол.
Андан кийин баатырын,
Арканды арбын алды ошол,
Аралап тоону барды ошол.
Күпсөр күрөң аюудан,
Тогузду кармап алды ошол.
Суурдун ийнин ойгондо,
Балдырканга тойгондо,
Нык семирип баса албай,
Арыш таштап кача албай,
Эки көзүн жайнатып,
Кармашып каруу кыла албай,
Эрен Жоодар баатырга,
Туруп берди байлатып.
Кээ бирөөнү жеңиптир,
Күчкө салып кармашып.
Баатыр Жоодар кайран эр,
Аркан салып мойнуна,
Байлап келди аюуну.
Балпаң, балпаң, бастырып,
Карсылдатып шаштырып,
Айдап келди аюуну.
Айраң кылып көп элди,
Аралатып айылды,
Алып барып камады,
Арстан, жолборс жанына,
Атайын курган жайына.
Эл чогулуп келди ошол,
Эрдигин уулдун көрдү ошол.
Падыша Нур баш болуп,
Жыпынды кайра курду ошол.
Баатыр Жоодар эренге,
Ыраазы болуп Акбилек,
Минтип сүйлөп турду ошол:
«Бала Жоодар, өзүңдүн,
Эр экенин, чын экен.
Эч нерсеге теңебес,
Шер экенин, чын экен.
Ай ааламды кыдырып,
Аюулар жатат алышып,
Арстандар жатса кабышып,
Өздөрү түштү кордукка,
Байкабай айып салышын.

