Эрдигин элге көргөзүп,
Кызды ошондо алсын дейт.
Бул жумушту кылбаса,
Бербейбиз дейт сулууну,
Айлына эсен барсын дейт.
Алтын, жамбы баш кылып,
Адыр толгон калың мал,
Алдыбызга жайсын дейт.
Баатыр Жоодар ойлочу,
Атаңа атап бир кызмат,
Кыла турган жолун бар.
Азуулу айбан жырткычтын,
Атын айтсам мобулар.
Азамат болсоң сен өзүң,
Ар акылы табылар.
Атаң Нур кан баш болуп,
Абийрибиз жабылар.
Кабылан, жолборс, арстандан
Үч тогузду кармайсың.
Күпсөр күрөң аюудан
Бир тогузду кармайсың.
Карышкыр, илбирс, сулөөсүн
Ар тогузун кармайсың.
Бул жумушту жасасаң,
Ар оюна жеткениң.
Каадалап калың суратпай,
Эрдигиң менен эреним,
Сен кутулуп кеткениң.
Кандайсың, баатыр, мунума,
Даярсынбы, бачым айт,
Бул кызматты кылууга.
Кылыктанбай жөнөрсүң,
Кызматын өтүп сулууга».
Деген кезде эр Жоодар,
Кашкая күлүп сүйүнүп.
Жөнөмөк болду талаага,
Жоо кийимин кийинип.
Сынына келип көргөнгө,
Сырттандыгы билинип.