Жоодарбешим
Кантип кармап келет — деп,
Кээ бири жандан түнүлүп.
Ал эрдигин көрсөк — деп,
Шаардын эли бүлүнүп.
Жөнөмөк болуп бет алып,
Бек-Зар деген жерине.
Көргөзмөк болуп эрдигин,
Көй-Капта пери элине.
Кылкараны мингенде,
Жаракты бойго илгенде,
Жоодар кирди демине.
Кайран сулуу Нурпери,
Ай жамалы жарк этип,
Аттанарда баатырың,
Айтып турган жери бул,
Ачылып сүйлөп шаңк этип:
«Арстаным, Жоодар, кылчайбай
Тили жок жоого барып кел.
Кармашарың, кырааным,
Кабылан, жолборс, арстан шер.
Андан ашкан сен шерсиң,
Аябай жаңжал салып кел.
Баргандан багың ачылып,
Намысты колго алып кел.
Тобун бузбай айдап кел,
Токойдо жүргөн жырткычтан,
Тогуздан тандап кармап кел».
Тилегин тилеп баатырдын,
Нурпери сулуу калган жер.
Кайран Жоодар баатырын,
Бек-Зардын жолун чалган жер.
Кабылан, жолборс бекинген,
Чытырман калын, токойго,
Чыр салганы барган жер.
Келсе баатыр бул жерге,
Айланасы тоо экен,
Көз тайгылткан зоо экен.
Тоо түгөнгөн тумшуктан,
Өткөндө белдей урчуктан,
Жайылып аккан суу экен.
Кечип өтсө ошондон,
Жеринин бети кум экен.
Кээ бири жандан түнүлүп.
Ал эрдигин көрсөк — деп,
Шаардын эли бүлүнүп.
Жөнөмөк болуп бет алып,
Бек-Зар деген жерине.
Көргөзмөк болуп эрдигин,
Көй-Капта пери элине.
Кылкараны мингенде,
Жаракты бойго илгенде,
Жоодар кирди демине.
Кайран сулуу Нурпери,
Ай жамалы жарк этип,
Аттанарда баатырың,
Айтып турган жери бул,
Ачылып сүйлөп шаңк этип:
«Арстаным, Жоодар, кылчайбай
Тили жок жоого барып кел.
Кармашарың, кырааным,
Кабылан, жолборс, арстан шер.
Андан ашкан сен шерсиң,
Аябай жаңжал салып кел.
Баргандан багың ачылып,
Намысты колго алып кел.
Тобун бузбай айдап кел,
Токойдо жүргөн жырткычтан,
Тогуздан тандап кармап кел».
Тилегин тилеп баатырдын,
Нурпери сулуу калган жер.
Кайран Жоодар баатырын,
Бек-Зардын жолун чалган жер.
Кабылан, жолборс бекинген,
Чытырман калын, токойго,
Чыр салганы барган жер.
Келсе баатыр бул жерге,
Айланасы тоо экен,
Көз тайгылткан зоо экен.
Тоо түгөнгөн тумшуктан,
Өткөндө белдей урчуктан,
Жайылып аккан суу экен.
Кечип өтсө ошондон,
Жеринин бети кум экен.

