Айлап болду ат чабыш,
Эсепсиз болду оодарыш.
Баатырлар моокум кандырып,
Болуп жатты күнүгө,
Балбан күрөш, эр сайыш.
Мергендер чыгып тандалып,
Кызык болду жамбы атыш.
Баттыр Жоодар, Нурпери,
Бийик барып олтурду,
Мунаранын башына.
Шынарлашып кетишпей,
Акпери, кырк кыз кашында
Тамаша көрдү таңгыча,
Оюнун көрдү элинин,
Чын кумары кангыча.
Той акыры жакындап,
Топурашып туш-тушка,
Эл тарады аңгыча.

ПЕРИНИН КАЛКЫ ЖООДАРБЕШИМДИН ЭРДИГИН СЫНАГАН ЖЕРИ

Тойдон кийин топурап,
Жыйналды бектин баарысы.
Кара кылды как жарган,
Калктан чыккан калысы.
Баатыр Жоодар эренге,
Башка сөздөн салышты.
Акбилек деген кайын ага,
Күп-күп этип күүлөнүп,
Ортого чыкты сүйлөнүп.
Бак-бак этип бакылдап,
Кара жаак кайкы тил,
Кайрып сүйлөп шакылдап:
Эр Төштүктүн баласы,
Эрен Жоодар эминен,
Уурданып кыз алып?
Калыңын көрбөй калдык — деп,
Ушунча журтка чуу салып.
Элге келген адашып,
Эр көңүлү экен — деп,
Эне-атанын эриши,
Кыз көңүлү экен — деп,
Тоюңду бердик кубанып.
Кандыра берген калың жок,
Тойгуза берген тоюң жок.
Тойго келген көп элге,
Уят болдук обу жок.
Кеңеш курсак баш кошуп,
Улуу-кичүү кеп айтты,
Айтканда мындай деп антты:
Атасы Төштүктөн ашкан,
Эр экен деп биз уктук.
Ааламда адам тең келбес,
Шер экен деп биз уктук.
Калың алып нетебиз,
Не муразга жетебиз.
Эрдигин, элим көрсүн дейт,
Азуулу жырткыч айбандан,
Ар биринен бир тогуз,
Тирүү кармап берсин дейт.
Эр болсо, баатыр, барсын дейт,
Кармап келип аларды,
Темир торго салсын дейт.