Аттанып чыктым үйүмдөн,
Ак-Булак жолун тапканы,
Куюлуш жолун басканы,
Ак аркар издеп атканы.
Ал максатым бузулуп,
Адам атын укпаган
Укмуштарга туш болуп,
Учураттым башканы.
Ат арытып мол жүрдүм,
Кыйла жылы жол жүрдүм.
Нээти дурус бар болсо,
Дос болушуп келатам.
Нээти жаман бар болсо,
Тындым кылып келатам.
Нечен дайра сууларды
Кечип өтүп келатам.
Нечен белес, ашуудан
Ашып өтүп келатам.
Ит өлүүчү чөлдөрдү
Басып өтүп келатам.
Нечен көлдү ат менен
Сүзүп өтүп келатам.
Нечен туюк асканы
Бузуп өтүп келатам.
Ак аркар атып жолумдан,
Максатым чыккан оңунан.
Кайра тарткан кезимде,
Кайыбынан кабылып,
Билбестик кылып жаңылып,
Каргышка калдым Бугуга.
Адашып калдым аргасыз,
Түшө албай жолдун нугуна.
Кайыбынан кабылдым
Нурперидей сулууга.
Насип айдап, туз айдап,
Кызыгып келдим кызыңа.
Кайнардын Кара-Көлүндө,
Менин да соккон тамым бар,
Айланта коргон чеп койгон,
Аз ноолураак* шаарым бар.
Агача кандын кызы экен,
Аксаамай аттуу зайбым бар.
Жашырсам, ата, оңомбу,
Жалганда эки боломбу.
Жолоочулап келатып,
Келип калдым шаарыңа,
Үстүмдө жалгыз тон менен,
Алдымда арык ат менен,
Жакын болсо айлыбыз,
Келмекмин, ата, шарт менен,
Ак калпак кыргыз элди алып,
Эзелдеги салт менен.