Сымбатын көрсөң баатырдын,
Кубанат, ата, көөнүңүз».
Деген кезде Нур аке
Маңдайын жарын күлдү ошол.
Саамайын сылап кызынын
Кучактап беттен сүйдү ошол:
Айткан сөзүн укканда,
Ачылды атан, жүрөгү.
Балдарда кылча кине жок,
Не үчүн коем күнөөнү?
Орундалсын балдардын
Оюнда максат, тилеги.
Чакырчы бери балдарды,
Өз көзүм менен көрөйүн.
Бетинен сүйүп берендин,
Мээримимди төгөйүн.
Эки шаар калаама
Тойгуза тойду берейин.
Айланайын, каралдым,
Таалайымсың, багымсың,
Маңдайымда айымсың.
Уулдуу болуп турганда,
Ачылды атаң көңүлү.
Адил турган эр болсо,
Бала кылып алайын,
Кудайдан тилеп өмүрдү.
Аты Жоодар дегенде,
Кубанып көөнүм семирди.
Ар кимден кабар кеп уккам,
Аяры бар билгичтен
Атайлап нечен сени уккам.
Адамда жок сыпаты,
Анык баатыр деп уккам».
Мына ошентип, Нурпааша,
Сакалын сылап имерип,
Кылча оюн жашырбай,
Бактыга бою тирелип.
Ал аңгыча болгон жок,
Жоодар кирип ийилип,
Таазим кылып атага,
Салам айтып жүгүнүп.
Коштогон жигит-кыз менен,
Келинден сулуу уз менен,
Үй толтура шан, менен,
Узактан келген жол басып,
Уздай сулуу жар менен.
Учурашып турган жер
Ушул элдин улугу
Урматы бар жан менен

НУРПЕРИНИН ТОЮ

Буластап басып падыша
Баатырдын келди жанына.
Маңдайы жарык экен — деп,
Кубанды турган шаңына.
Ошол турган кандардан
Он эсе зор карааны,
Көзүнөн жалын чачырап,
Тик бактырбайт адамды.
Булчуң эти темирдей,
Жүрө турган жайы бар
Бет келген жоодон жеңилбей.
Далысы жазы жайылып,
Эки ийни эки мөңгүдөй.
Алыша турган адамдын,
Азабын колго бергидей.
Эч нерседен кенебей,
Тулкусун көрсөң баатырдын,
Турушун жанга теңебей,
Ошол Нуркан кызыңыз.
Сырт келбетин жактырды,
Сынап байкап көз менен,
Сыр билгизбей баатырга,
Чекеден сүйүп акырын,
Сынамак болду сөз менен:
«Олтурчу, балам, жанына,
Жолоочу жүрүп кез келип,
Жолуктук менин багыма.
Кайып болуп кай жактан
Кезиктиң менин шаарыма.
Таң болом, балам, ушуңа,
Тааныштың кантип кызыма?
Көңүлдө кыйла сыр жатат
Биз келсек сөздүн чынына.
Көркөмүң көзгө толосуң,
Катпай айтчы сырыңды,
Кай тарап элден болосуң?
Аныгын төкпөй айтып бер,
Жердеген жериң кайсы жер?
Түп атан, сенин кайсы эл,
Өзүңдүн атаң кандай эр?
Койкоюп жалгыз келипсиң,
Жанында барбы жолдошуң?
Азыркы сенин айлыңдын
Алыстыгы канчалык,
Баяндап берчи ортосун.
Бул турушуң карасам,
Жалгыз ат, жалгыз башын бар.
Түспөлүң күлүп күлгүндөй,
Кай куракта жашың бар?
Аныктап угуп кебиңди,
Атын атап айта кет,
Айлыңда болгон бегинди.