Жоодарбешим
Олтургузду алтындан
Касиет кандын тагына.
Бир заматта баатырың
Айланыл келип бак конду.
Перилердин шаарында
Мингени алтын так болду,
Алганы сулуу жар болду.
Нурдун кызы Нурпери,
Жана Жоодар келгенин,
Уккандын баары тан болду.
Нурдун кызы Акпери
Эрен Жоодар келди — деп,
Элине кабар салыптыр.
Эл бийлеген бул элде
Бегине кабар салыптыр.
Алтын, күмүш атанган
Шаарына кабар салыптыр.
Улуу-кичүү дебестен,
Шаар толтура толгон эл,
Баарына кабар салыптыр.
Ак сакалдуу эл билген,
Карыга кабар салыптыр.
Өз атасы Нурпааша,
Канына кабар салыптыр.
Күмүш шаардын өзүндө,
Нурперинин ордого
Адам батпай толуптур.
Уч, кыйрына тим эле,
Көз жеткисиз болуптур.
Жетимиш дөөсү жанында,
Аралай басып көп элди,
Нур падыша да келди.
Эки шаардын төрөсү,
Периде болгон ша келди.
Улуу-кичүү базрысы
Учурашып кол берди.
Как жарылып калайык,
Урматтап канга жол берди.
Ал аңгыча болгон жок,
Келатат Нурпааша — деп,
Кыздарга кабар барды ошол.
Ордосуна кыздардын
Бүлүк түшө калды ошол.
Баатыр Жоодарбешимге
Урмат тонун кийгизип,
Бир бөлөк үйгө киргизип.
Касиет кандын тагына.
Бир заматта баатырың
Айланыл келип бак конду.
Перилердин шаарында
Мингени алтын так болду,
Алганы сулуу жар болду.
Нурдун кызы Нурпери,
Жана Жоодар келгенин,
Уккандын баары тан болду.
Нурдун кызы Акпери
Эрен Жоодар келди — деп,
Элине кабар салыптыр.
Эл бийлеген бул элде
Бегине кабар салыптыр.
Алтын, күмүш атанган
Шаарына кабар салыптыр.
Улуу-кичүү дебестен,
Шаар толтура толгон эл,
Баарына кабар салыптыр.
Ак сакалдуу эл билген,
Карыга кабар салыптыр.
Өз атасы Нурпааша,
Канына кабар салыптыр.
Күмүш шаардын өзүндө,
Нурперинин ордого
Адам батпай толуптур.
Уч, кыйрына тим эле,
Көз жеткисиз болуптур.
Жетимиш дөөсү жанында,
Аралай басып көп элди,
Нур падыша да келди.
Эки шаардын төрөсү,
Периде болгон ша келди.
Улуу-кичүү базрысы
Учурашып кол берди.
Как жарылып калайык,
Урматтап канга жол берди.
Ал аңгыча болгон жок,
Келатат Нурпааша — деп,
Кыздарга кабар барды ошол.
Ордосуна кыздардын
Бүлүк түшө калды ошол.
Баатыр Жоодарбешимге
Урмат тонун кийгизип,
Бир бөлөк үйгө киргизип.

