Эриккен келбейт эсине,
Эч капар жок санаада.
Кээ бир жерге келгенде
Ак өргөө тигип салышып,
Күлкүсү тоону жаныртып,
Күрөшүп ойнойт алышып.
Кээ бир күнү тим эле
Тыным албай жол басып,
Жүрө берет талыкшып.

ЖООДАРБЕШИМДИН ПЕРИНИН ШААРЫНА КЕЛИШИ

Күндөр өтүп ортодон
Кыйла жерге келишип,
Кубанышып турган кез,
Перинин шаарын көрүшүп.
Ал аңгыча болгон жок,
Шилтегиче бир кадам,
Күмүш шаардын четинен
Көрүнүп калды көп караан.
Карап турса эр Жоодар,
Аттанып чыкты кырк адам.
Жанындагы Нурпери
Көрүп туруп жакындап,
Күлкүсү чыкты шаңкылдап.
Кырк ат минген кырк адам
Аңгыча келди жакындап.
Нуркандын кызы Акпери
Касиети башынан
Өсүп чыккан кези экен.
Келгенин билип эжеси,
Тосуп чыккан кези экен.
Ошол сулуу Акпери,
Жанында кырк кыз бар экен,
Кылыгы кыздан башкача,
Шаңкылдап шайыр жан экен.
Бетинен нуру төгүлгөн,
Белесте турган ай экен.