Жоодарбешим
Көйкөлгөн Көйкап, КөкБелгилүүдүр кабары,
Ошол жердин өзүндө
Айтылуу пери шаары бар,
Экөөбүзгө тең ата
Нуркан аттуу каны бар.
Сексенге келген чал ошол,
Өткөн менен кеткенди
Эскерип билип туруучу,
Касиеттүү жан ошол.
Жоодарбешим атынды
Эчак атам билиптир.
Кылына* жан толбой,
Нурперини буюрса
Саа берем — деп жүрүптүр.
Энемдин аты Аксоно
Сырын түгөл баштаптыр,
Ойдогусун жашырбай,
Түгөл айтын таштаптыр.
Энемден муну укканда,
Ашык болдум өзүңө,
Айланайын, арстаным,
Ишенчи айткан сөзүмө.
Кумар болдум көрүүгө,
Алты айдан ашык жол карап,
Ак өргөө тиктим көрүүгө.
Тилегим кудай бергени,
Тиктегеним асмандан
Жерден чыгып келгени.
Санаа тартып болбосо,
Сактагам жалгыз өргөөнү.
Айланайын, сырттаным,
Атамдый айткан сөзү бар.
Жоодарды кайдан көрөм -
Алам десе кызымды,
Ал баатырга берем — деп.
Менин атам Нур деген,
Айтканынан кайтпаган,
Жаралгандан дүйнөгө,
Жалгандан чымчып айтпаган.
Перилердин шаарына
Береним Жоодар, бар ~ деди.
Ата, энемдин колунан
Мен бейбакты ал деди».
Бу кабарды укканда,
Баатыр Жоодар балаңыз,
Кашкая күлүп сүйүнүп,
Ыргып туруп ордунан,
Жоо кийимин кийинип.
Шашкалактап кайран эр,
Этегин кайра түйүрүп,
Жүгөнүн алып колуна,
Кылкара көздөп жүгүрүп.
Ошол жердин өзүндө
Айтылуу пери шаары бар,
Экөөбүзгө тең ата
Нуркан аттуу каны бар.
Сексенге келген чал ошол,
Өткөн менен кеткенди
Эскерип билип туруучу,
Касиеттүү жан ошол.
Жоодарбешим атынды
Эчак атам билиптир.
Кылына* жан толбой,
Нурперини буюрса
Саа берем — деп жүрүптүр.
Энемдин аты Аксоно
Сырын түгөл баштаптыр,
Ойдогусун жашырбай,
Түгөл айтын таштаптыр.
Энемден муну укканда,
Ашык болдум өзүңө,
Айланайын, арстаным,
Ишенчи айткан сөзүмө.
Кумар болдум көрүүгө,
Алты айдан ашык жол карап,
Ак өргөө тиктим көрүүгө.
Тилегим кудай бергени,
Тиктегеним асмандан
Жерден чыгып келгени.
Санаа тартып болбосо,
Сактагам жалгыз өргөөнү.
Айланайын, сырттаным,
Атамдый айткан сөзү бар.
Жоодарды кайдан көрөм -
Алам десе кызымды,
Ал баатырга берем — деп.
Менин атам Нур деген,
Айтканынан кайтпаган,
Жаралгандан дүйнөгө,
Жалгандан чымчып айтпаган.
Перилердин шаарына
Береним Жоодар, бар ~ деди.
Ата, энемдин колунан
Мен бейбакты ал деди».
Бу кабарды укканда,
Баатыр Жоодар балаңыз,
Кашкая күлүп сүйүнүп,
Ыргып туруп ордунан,
Жоо кийимин кийинип.
Шашкалактап кайран эр,
Этегин кайра түйүрүп,
Жүгөнүн алып колуна,
Кылкара көздөп жүгүрүп.

