Жоодарбешим
Ээн талааны жай кылып,
Ак өргөөдө толукшуп.
Кумары таркап жаштыктын,
Ак бетинен сорушуп.
Өзөндүү сууну бойлошуп,
Өлөңдүү жерге ойношуп,
Кубалашып каткырып,
Кумарга батып жашчылык,
Кетерди койбойт ойлонуп.
Карап турсаң буларды,
Күнү-түнү таркабай,
Күч алып жаштык кумары.
Бу дүйнөдө болгонду,
Алышып ойноп кыз менен,
Баатыр Жоодар ошондо
Бүт оюнан чыгарды.
Ушул жайга келгени
Туура алты айга толуптур,
Саратан ысык жай өтүп,
Боз кыроо түшүп, суук чалып,
Айтымы кеч күз болуптур.
Суу азайын сайдагы,
Мөңгүнү ак кар алыптыр.
Атасынын шаарына
Жөнөй турган мезгилдин
Жөндөмү келип калыптыр.
Баатыр Жоодар эренге
Акылдашып ал сулуу,
Мындай сөздү салыптыр:
Сырттандын уулу, сөзүмдү ук,
Эскирди окшойт конгон журт.
Арстаным, угуп тур,
Аял сөзү дебесең.
Мындай кеңеш кылалы,
Ак өргөөнү жыгалы,
Нуркандын шаарын бет алып,
Бүгүндөн калбай жылалы.
Эрте көчүп кетпесек,
Келип калган көрүнөт,
Каардуу кыштын убагы.
Канакей, баатыр, шашылып,
Перинин шаарын бет алып,
Белгилүү жолду басалы,
Белестен белес ашалы,
Кан атам шаарын табалы.
Ак өргөөдө толукшуп.
Кумары таркап жаштыктын,
Ак бетинен сорушуп.
Өзөндүү сууну бойлошуп,
Өлөңдүү жерге ойношуп,
Кубалашып каткырып,
Кумарга батып жашчылык,
Кетерди койбойт ойлонуп.
Карап турсаң буларды,
Күнү-түнү таркабай,
Күч алып жаштык кумары.
Бу дүйнөдө болгонду,
Алышып ойноп кыз менен,
Баатыр Жоодар ошондо
Бүт оюнан чыгарды.
Ушул жайга келгени
Туура алты айга толуптур,
Саратан ысык жай өтүп,
Боз кыроо түшүп, суук чалып,
Айтымы кеч күз болуптур.
Суу азайын сайдагы,
Мөңгүнү ак кар алыптыр.
Атасынын шаарына
Жөнөй турган мезгилдин
Жөндөмү келип калыптыр.
Баатыр Жоодар эренге
Акылдашып ал сулуу,
Мындай сөздү салыптыр:
Сырттандын уулу, сөзүмдү ук,
Эскирди окшойт конгон журт.
Арстаным, угуп тур,
Аял сөзү дебесең.
Мындай кеңеш кылалы,
Ак өргөөнү жыгалы,
Нуркандын шаарын бет алып,
Бүгүндөн калбай жылалы.
Эрте көчүп кетпесек,
Келип калган көрүнөт,
Каардуу кыштын убагы.
Канакей, баатыр, шашылып,
Перинин шаарын бет алып,
Белгилүү жолду басалы,
Белестен белес ашалы,
Кан атам шаарын табалы.

