Жаныбарың Кылкара,
Алты айдан бери жай оттоп,
Чөйчөк эти толуптур,
Алты ай минсе жаныбар,
Арыгысыз болуптур.
Ташка салса муюшуп,
Таанылгысыз болуптур.
Кылкара токуп эр Жоодар,
Ак өргөөнү бүктөдү,
Бууданына жүктөдү.
Чылбырдан алып жетелеп,
Нурпери сулуу экөөлөп,
Муздактын жолун четке алып,
Жөнөп калган кези экен,
Перинин шаарын бетке алып."
Барганда нелер болорду
Эр Жоодарга баяндап,
Нурпери ойлуу кеп салып:
«Баяным укчу, эр Жоодар,
Атамда бар эки шаар,
Биринчиси алтын шаар,
Экинчиси күмүш шаар.
Ал экөөнүн белгиси,
Бири алтын, бирөөндө
Күмүштөн кылган мунар бар.
Тегерегин карасаң,
Көз тайгылткан көркөмдүү
Кырка сайган чынар бар.
Ал атамдын шаарында
Жана кызык булар бар.
Көчө кылып көркөмдөп,
Үйлөрү окшош салынган.
Үйүнүн үстү жаркырап,
Коло менен жабылган.
Ичине кирсен жадырып,
Кошо сүйлөп жаңырган.
Шаарды аралал киргенде
Гүлдүн жыты буркурайт.