Булбул, тоту баш болуп,
Түркүн куш сайрап, чуркурайт.
Атамдын шаары — алтын шаар,
Менин шаарым — күмүш шаар.
Он экиге келгенде
Атам берген энчилеп.
Кызга ылайык салынган,
Калаасы сонун көрктүү — деп.
А дегенде экөөбүз
Ошо, күмүш шаарга барабыз.
Атам Нуркан шаарына
Түз эле кирип барганда,
Менин атам падыша,
Перилердин элине.
Өзүндөй баатыр болуучу,
Ал дагы жигит кезинде.
Агарып сакал чал болду,
Эскирип кары жан болду.
Эркектен жалгыз Акбилек
Азамат ал да эр жүрөк.
Кыздан барбыз экөөбүз,
Сиңдимдин аты Акпери.
Барган кезде экөөбүз,
Кыздан чыккан жароокер,
Кыялы менен имерип,
Жезделеп турар ал сени.
Нур падыша атакем
Кубанат өзүң келгенге.
Ишенерсин баарына,
Өз көзүн менен көргөндө.
Үч бир тууган мен өзүм,
Ушундай болот мүнөзүм.
Көрсөңүз атам кары адам,
Колунда булар бар адам».
Деп ошентип Нурпери,
Баянын айтты талаада.
Ак тилекте болушуп,
Жашасак өмүр кедири.
Деп ошентип Нурпери
Баатырга баарын айткан соң,
Жайдары күлүп эки жар,
Баратат эми көңүлдүү.
Эки көчүп, бир тынып,
Кете берди ушулар,
Эч адам жок талаада.