Жоодарбешим
Нурпери анда кеп айтат:
«Жөнөсөк кантет, Акпери,
Көп турбай мында, — деп айтат.
Жалгыз атка көч артып,
Чаалыгып келдик алыстан.
Курбалым Жоодар жанымда,
Кудайым кошуп табышкан.
Уялашым шаарына,
Күчүнө салып дубанын
Айбыктым учуп барыштан.
Жанына күйөө ээрчитип,
Көкөлөп учуп жүрөт — деп,
Көргөндөр мага күлөт-— деп,
Катуу корктум намыстан.
Көч жүктөп алып тулпарга,
Көңүлдүү келдим жер менен.
Кабагым ачык, күлкүм шат,
Каткырып ойноп пер менен.
Катуу келдик токтобой,
Жашчылыктын жалыны,
Алоолоп күйгөн дем менен.
Эмдигисин Акпери,
Акылдын баарын өзуң бил.
Эже-жездең колуңда,
Эмне кылсаң өзүң кыл».
Жайдары күлсө Акпери
Кубантат жанды жамалы.
Акман ашык сулуунун
Бар экен түрлүү амалы.
Басып барып атынын
Көрпөчөсүн алды эле,
Көтөрүп жерге салды эле,
Окуп койсо дубасын
Ошол жерде тургандар
Аты менен баткандай
Килем боло калды эле.
Килемге түшүп эр Жоодар,
Көк шибер менен сызды ошо,
Көтөрүлүп учту ошо.
Асманга чыкты абалап,
Ак булутту аралап,
Көккө чыкты абалап,
Көк булутту аралап,
Ачып көздү жумганча
Перинин күмүш шаарына
Жетип келип конушту,
Мунаранын* жанына,
Килемге салын көтөрүп,
Нурпери менен Жоодарды
Кыздар кетти жабыла.
«Жөнөсөк кантет, Акпери,
Көп турбай мында, — деп айтат.
Жалгыз атка көч артып,
Чаалыгып келдик алыстан.
Курбалым Жоодар жанымда,
Кудайым кошуп табышкан.
Уялашым шаарына,
Күчүнө салып дубанын
Айбыктым учуп барыштан.
Жанына күйөө ээрчитип,
Көкөлөп учуп жүрөт — деп,
Көргөндөр мага күлөт-— деп,
Катуу корктум намыстан.
Көч жүктөп алып тулпарга,
Көңүлдүү келдим жер менен.
Кабагым ачык, күлкүм шат,
Каткырып ойноп пер менен.
Катуу келдик токтобой,
Жашчылыктын жалыны,
Алоолоп күйгөн дем менен.
Эмдигисин Акпери,
Акылдын баарын өзуң бил.
Эже-жездең колуңда,
Эмне кылсаң өзүң кыл».
Жайдары күлсө Акпери
Кубантат жанды жамалы.
Акман ашык сулуунун
Бар экен түрлүү амалы.
Басып барып атынын
Көрпөчөсүн алды эле,
Көтөрүп жерге салды эле,
Окуп койсо дубасын
Ошол жерде тургандар
Аты менен баткандай
Килем боло калды эле.
Килемге түшүп эр Жоодар,
Көк шибер менен сызды ошо,
Көтөрүлүп учту ошо.
Асманга чыкты абалап,
Ак булутту аралап,
Көккө чыкты абалап,
Көк булутту аралап,
Ачып көздү жумганча
Перинин күмүш шаарына
Жетип келип конушту,
Мунаранын* жанына,
Килемге салын көтөрүп,
Нурпери менен Жоодарды
Кыздар кетти жабыла.

