Жоодарбешим
Жанагы Нур падыша
Ак ордого кирди ошол,
Кыркы келин, кыркы кыз,
Кызматында жүрдү ошол.
Айбаты жандан башкача,
Ак сакалы чубалган,
Устукан* сөөгү кубарган,
Кабагын салып кумсарып,
Олтурду алтын тагына.
Салам айтып ийилип,
Келининдей жүгүнүп,
Тизеси жерге бүгүлүп,
Акпери келди жанына.
Айланта карап койгондо,
Кызматта жүргөн кыз, жигит
Сыртка чыкты жабыла.
Пери заада Акпери
Маңдайы ачык, пейли кең.
Жаркылдап турса жамалы
Асмандан тийген күнгө тең.
Кичи пейил, кен акыл,
Ыйманы ысык адамдан.
Сөзү чечен, тили бал,
Бир башкача жаралган.
Анда пери кеп айтат:
«Ардагым, ата, деп айтат.
Кайгыга салып кызыңды,
Кабагың неге түйөсүң?
Кечиргин, ата, бар болсо,
Балдарыңдын күнөөсүн,
Акылман ата, түшүнгүн,
Башталган иштин жүйөөсүн!
Өзгөрбөсүн, атаке,
Баштагыдан мүнөзүң,
Көрсүн деп туруп чакырттык,
Нурпери эжем күнөөсүн.
Түбү кыргыз элде экен,
Кебез-Тоо деген жерде экен,
Элемандын эрени,
Эр Төштүктөн туулган
Жоодарбешим эр экен.
Эзелден эжем Нурпери,
Кыялында кыраанды
Жактырып жүргөн неме экен.
Кайын ата кылып алсам — деп,
Каалаганы сен экен.
Улуксаат болсо, атаке,
Уул менен кызына
Батаңызды бериңиз.
Чакырып алып келейин,
Сыпатын байкап көрүңүз.
Ак ордого кирди ошол,
Кыркы келин, кыркы кыз,
Кызматында жүрдү ошол.
Айбаты жандан башкача,
Ак сакалы чубалган,
Устукан* сөөгү кубарган,
Кабагын салып кумсарып,
Олтурду алтын тагына.
Салам айтып ийилип,
Келининдей жүгүнүп,
Тизеси жерге бүгүлүп,
Акпери келди жанына.
Айланта карап койгондо,
Кызматта жүргөн кыз, жигит
Сыртка чыкты жабыла.
Пери заада Акпери
Маңдайы ачык, пейли кең.
Жаркылдап турса жамалы
Асмандан тийген күнгө тең.
Кичи пейил, кен акыл,
Ыйманы ысык адамдан.
Сөзү чечен, тили бал,
Бир башкача жаралган.
Анда пери кеп айтат:
«Ардагым, ата, деп айтат.
Кайгыга салып кызыңды,
Кабагың неге түйөсүң?
Кечиргин, ата, бар болсо,
Балдарыңдын күнөөсүн,
Акылман ата, түшүнгүн,
Башталган иштин жүйөөсүн!
Өзгөрбөсүн, атаке,
Баштагыдан мүнөзүң,
Көрсүн деп туруп чакырттык,
Нурпери эжем күнөөсүн.
Түбү кыргыз элде экен,
Кебез-Тоо деген жерде экен,
Элемандын эрени,
Эр Төштүктөн туулган
Жоодарбешим эр экен.
Эзелден эжем Нурпери,
Кыялында кыраанды
Жактырып жүргөн неме экен.
Кайын ата кылып алсам — деп,
Каалаганы сен экен.
Улуксаат болсо, атаке,
Уул менен кызына
Батаңызды бериңиз.
Чакырып алып келейин,
Сыпатын байкап көрүңүз.

