Ата-бала болобуз,
Кыял-көңүл жарашса,
Аттанып чыккан.жер кезип,
Максатын, кайсы тарапта?
Бир кезекте мен дагы
Жердин жүзүн чалганмын.
Чамам жеткен жерлерге
Чарчабай кезип барганмын.
Нечен элди аралап,
Андан да кабар алганмын.
Эсиме салсаң билермин,
Эскерип ойдо калганын,
Сөзүмдү, балам, бүтөмүн,
Сөз кезеги сеники,
Сүйлө жообуң күтөмүн».
Нур падыша баатырдын
Көңүлүң тартып өзүнө,
Кулак салып кыйшайып,
Кыраанык Жоодар сөзүнө.
Бала күндөн беркини,
Балакет экен каныңыз,
Баатырдын салды эсине.
Жоодурап Жоодар токтобой,
Жомоктун сөзүн баштады.
Кыялы учуп булуттай,
Кыдырган сымал асканы.
Текшилеп баштап кеп жагын,
Терип айтып тек жагын,
Жакшылап байкап ар жагын,
Жашырбай айтты бар жагын:
«Айланайын, жан ата,
Кадырын калкка бар, ата,
Жооп айтпасам болобу,
Снздин сөзгө карата.
Жердеген жерим Кебез-Тоо,
Уругубуз кыргыздан.
Түпкү атабыз Угуз кан,
Уруубуз кыпчак дээр экен,
Чоң атам аты Элеман,
Тогуз уулдун кенжеси,
Өз атам Төштүк эр экен.
Ара-Көлдү жердеген
Агай кандын кызы экен,
Кенжеке менин энекем.
Сурадың менден, жан ата,
Кай тараптан келдиң — деп,
А1аксатын айтып бериш — деп.
Максатсыз киши жүрөбү,
Жаралган жандын баарынын
Жакшылыкта тилеги.