Жоодарбешим
Айланайын, атаке,
Муну кандай кыламын.
Аргасын, ата, айтып бер,
Ушул менин сурарым.
Каткырып күлдү Нурпааша,
Сөзгө ыраазы болду окшойт.
Курсагында кири жок,
Көңүлгө баатыр толду окшойт.
Падыша анда кеп айтат:
«Боло турган кыйын иш,
Жайын ук, балам, — деп айтат.
Менин бар уулум Акбилек,
Жагдайын иштин ал билет.
Менин көөнүм ыраазы,
Баатыр уулум өзүңө.
Жумурда сырды чыгарып,
Жашырбай айткан сөзүңө.
Эреним сага айтарым,
Эже болуп Аксаамай,
Эрке өскөн кызды какпасын.
Аталык сөздү мен айттым,
Акылыңа сактагын.
Ынтымак болсо үйүңдө,
Ырыскы толот күнүгө.
Баатырым, асти кирбегин,
Өкөөнүн ача тилине.
Кыскасы, балам, жөнөтөм,
Нурпериге сеп берип,
Шаан-шөкөт менен үйүңө».
Падыша туруп ошондо:
«Жигитин жумшап бар —деди.
Алтын шаар менен Күмүш шаар,
Калаама кабар сал — деди.
Нурперинин тоюна,
Калкым түгөл келсин де.
Тойгуза чоң той беремин,
Урматын тойдун көрсүн де.
Жылас калган калын, мал,
Неме койбой жыйгыла.
Жыргалын көрсүн баккан эл,
Четинен кармап кыргыла.
Салтанатың арбытып,
Санатсыз чоң той кылгыла».
Кандан буйрук болгон соң,
Перинин эли келиптир.
Нур падыша кызы үчүн,
Унуткус чоң той бериптир.
Муну кандай кыламын.
Аргасын, ата, айтып бер,
Ушул менин сурарым.
Каткырып күлдү Нурпааша,
Сөзгө ыраазы болду окшойт.
Курсагында кири жок,
Көңүлгө баатыр толду окшойт.
Падыша анда кеп айтат:
«Боло турган кыйын иш,
Жайын ук, балам, — деп айтат.
Менин бар уулум Акбилек,
Жагдайын иштин ал билет.
Менин көөнүм ыраазы,
Баатыр уулум өзүңө.
Жумурда сырды чыгарып,
Жашырбай айткан сөзүңө.
Эреним сага айтарым,
Эже болуп Аксаамай,
Эрке өскөн кызды какпасын.
Аталык сөздү мен айттым,
Акылыңа сактагын.
Ынтымак болсо үйүңдө,
Ырыскы толот күнүгө.
Баатырым, асти кирбегин,
Өкөөнүн ача тилине.
Кыскасы, балам, жөнөтөм,
Нурпериге сеп берип,
Шаан-шөкөт менен үйүңө».
Падыша туруп ошондо:
«Жигитин жумшап бар —деди.
Алтын шаар менен Күмүш шаар,
Калаама кабар сал — деди.
Нурперинин тоюна,
Калкым түгөл келсин де.
Тойгуза чоң той беремин,
Урматын тойдун көрсүн де.
Жылас калган калын, мал,
Неме койбой жыйгыла.
Жыргалын көрсүн баккан эл,
Четинен кармап кыргыла.
Салтанатың арбытып,
Санатсыз чоң той кылгыла».
Кандан буйрук болгон соң,
Перинин эли келиптир.
Нур падыша кызы үчүн,
Унуткус чоң той бериптир.

