Жоодарбешим
Жабалактап калың кыз,
Жакын келип буларга,
Атынын оозун бурду эле.
Эр Жоодарга келтирип,
Эже, — деп, Нурпериге
Салам берип турду эле:
«Саламатпы, эсенби,
Сагынып жүргөн, Нур эже?
Көргөндүн көөнүн түшүргөн,
Асманда күндөй, сулуу эже.
Байсалдуу* келсин күчүңүз,
Туура чыгып туш болдум,
Дурус экен нээтибиз.
А дүйнөлүк жаныңа
Болжоп тапкан окшойсуң,
Азаматтан жактырып,
Жолдош тапкан окшойсун.
Кушундун боосу кут болсун,
Курдашын жанга жуп болсун!»
Аттан түшүп калың кыз,
Жабалактап барды эле,
Жоодарбешим эр менен,
Эжеси Нурпери менен
Саламдашып калды эле.
Кучакташып өбүшүп,
Күндөй болгон Нурпери
Кырк сулуу менен көрүшүп,
Сагынышып калыптыр,
Сырдана селки кыздары,
Эр Жоодарды кубантты,
Эркелеп пери турганы.
Кырк бир сулуу Нурпери,
Курбулук сөзгө барышып,
Шаңк этип сүйлөп жарышып,
Жездеңер болот баатыр — деп:,
Жоодарды турду таанытып.
Кырк пери менен эр Жоодар
Жүз көрүшүп турган жер.
Эсендигин сурашып,
Эл көрүшүп тургаи жер.
Айланасы чеги жок
Жер көрүшүп турган жер.
Аңгеме сөздөн салышып,
Сырдаш боло калган жер.
Баатыр Жоодар эр менен
Периден келген кырк сулуу
Курдаш боло калган жер.
Жакын келип буларга,
Атынын оозун бурду эле.
Эр Жоодарга келтирип,
Эже, — деп, Нурпериге
Салам берип турду эле:
«Саламатпы, эсенби,
Сагынып жүргөн, Нур эже?
Көргөндүн көөнүн түшүргөн,
Асманда күндөй, сулуу эже.
Байсалдуу* келсин күчүңүз,
Туура чыгып туш болдум,
Дурус экен нээтибиз.
А дүйнөлүк жаныңа
Болжоп тапкан окшойсуң,
Азаматтан жактырып,
Жолдош тапкан окшойсун.
Кушундун боосу кут болсун,
Курдашын жанга жуп болсун!»
Аттан түшүп калың кыз,
Жабалактап барды эле,
Жоодарбешим эр менен,
Эжеси Нурпери менен
Саламдашып калды эле.
Кучакташып өбүшүп,
Күндөй болгон Нурпери
Кырк сулуу менен көрүшүп,
Сагынышып калыптыр,
Сырдана селки кыздары,
Эр Жоодарды кубантты,
Эркелеп пери турганы.
Кырк бир сулуу Нурпери,
Курбулук сөзгө барышып,
Шаңк этип сүйлөп жарышып,
Жездеңер болот баатыр — деп:,
Жоодарды турду таанытып.
Кырк пери менен эр Жоодар
Жүз көрүшүп турган жер.
Эсендигин сурашып,
Эл көрүшүп тургаи жер.
Айланасы чеги жок
Жер көрүшүп турган жер.
Аңгеме сөздөн салышып,
Сырдаш боло калган жер.
Баатыр Жоодар эр менен
Периден келген кырк сулуу
Курдаш боло калган жер.

