Пери заада Нурпери,
Берен Жоодар эр болуп,
Дос болуша калган жер.
Антташып сөзүн козгошуп,
Жарык дүйнө турулуу,
А дүйнө жайды болжошуп.
Карап турса Нурпери
Пери заада жан экен.
Азаматка ылайык
Артык туулган жан экен.
Нур төгүлүп жүзүнөн,
Жарык болгон караңгы,
Маңдайга күйгөн шам экен.
Падышасы перинин
Нур акенин кызы экен.
Ашык болуп Жоодарга
Жолун тосуп келер — деп,
Жүргөн кези ушу экен.
Аркар эмчек, ак тамак,
Маңдайы жарык, ай кабак,
Бала жыттуу, бал тилдүү,
Баамдаса адам тамшанат.
Күндөй сулуу Нурпери
Күйүп жүргөн кези экен.
Эр Төштүктүн Жоодарыи
Кыялыңда жактырып,
Сүйүп жүргөн кези экен.
Кантсе баатыр кезигип,
Жолугар жери ушул — деп,
Билип жүргөн кези экен.
Акылы артык жай экен,
Сөөгү таза, бою алтын
Азамат эрдин жары экен,
Каалаганы Жоодарга
Күтүп жүрүп Нурпери,
Жолугуп турган чагы экен.
Баатыр Жоодар, Нурпери
Сүйлөшүп кумар канышып,
Бала кезден бер жаккы,
Түркүн сөздөн салышып.
Чочуркабай эки ашык,
Үйүрү бирге болушуп.