Муну укканда эр Жоодар
Боюн жасап бүлүнүп,
Нурпери сулуу дегенде
Кашкая күлүп сүйүнүп.
Аттан түшө калды эми!
Мээр чөптөн бир тутум
Кылкарага салганда
Кын тиштеп чалды эми.
Так жетелеп олтуруп,
Таз кардын чөпкө толтуруп.
Көп жетелеп олтуруп,
Коөдөнүн чөпкө толтуруп.
Тулпарын эс алдырып,
Чаалыкканын жандырып.
Нурперини бет алып,
Жөнөп калды баатырың
Жоргосуна салдырып.
Желдей учуп сызды эле,
Жерге тийбей учту эле,
Кыскарып жолдун танабы.
Шашып барат эр Жоодар
Кыздан болуп кабары.
Эт бышымдан кечикпеп,
Жетип келди баатырын,
Нурперинин айлына.
Токтоп турбай бууданын
Байлады баатыр мамыга.
Ак болот кылыч жанында,
Алгыр бүркүт көздөнүп
Арстан Жоодар табында.
Өргөөнү көздөй басты эле,
Шырп алдырбай баатырың,
Мышыктай басып акырын,
Эшигин түрүп ачты эле.
Босого аттап кирди эми,
Болк деп туйлап жүрөгү,
Сүйүнөр кезин билди эми.
Баатыр Жоодар ошондо
Көз жиберип караса,
Өргөөнүн ичи жасалга.
Алтын түркүк, жез бакан,
Калайдан кылган каалга.
Жабык башы сары алтын,
Жан жагынын баары алтын.
Сыр кереге, сырдама уук,
Чамгарагы чарк алтын.
Төр жагына караса,
Алтын килем салынуу.
Кыймасы кызыл дүрүйө,
Үй толтура дүнүйө.
Көк тубардан көшөгө
Турган экен тагылуу.
Так ошонун ичинде
Нурдун кызы Нурперп
Кымызы кийип үлпүлдөп.
Кылыктанып баатьгрга
Кылча боюн көргөзбөй,
Качып турат бүлкүлдеп.
Баатыр Жоодар эренди
Шыкаалап карап кылт этип,
Оттой жанган эки көз
Кош чырактай жылт этип.