Арылган белем шорум—деп,
Ачылган белем жолум — деп.
Өткөнүн ойлоп баатырын,
Ай, Ак марал — Ак жөкө,
Кызыкты мага кылдын — деп.
Ак кар кечип камалып,
Ак булут басып адашып,
Абыдан болдум шылдың,— деп.
Бир жагынан Кылкара,
Аяк серппей ак карда,
Сен дары баспай турдуң — деп.
Айла кетип бир жолу,
Акка мойнум сундум — деп.
Ажал келип алладан,
Эми көзүм жумдум — деп.
Турганымда карачы,
Чымын жанга бир шылтоо
Болбой турса арачы.
Атын эмес жанымды
Калган жок каруум аячу.
Каарым кармап келгенде
Канжыганын кара этин
Тиле чаптым, карачы.
Кутуларым ушундан,
Биле чаптым, карачы.
Уч-кыйрын жердин ченебей,
Сүрө чаптым, карачы.
Башка кырсык келгенде,
Сабыры жок кичине,
Мен өңдүү ушул дүйнөдө,
Жокко деп адам баласы».
Өзүн өзү жемелеп,
Баатыр Жоодар ошондо,
Оң кол жагын караса,
Ошондо экен тамаша.
Чокусу аппак кар экен,
Бийиги башка шан, экен.
Катарлашкан мин түркүн,
Тоо сонуну бар экен.
Коктусу кенен капчыгай,
Тең жарып аккан суусу бар,
Агыны катуу шар экен.
Тоодон төмөн оюнда,
Ошол суунун боюнда,
Караса көңүл бөлүнөт,
Күмүш калай койгондой,
Томогодой ак өргөө,
Сырттан эрге көрүнөт.