Жоодарбешим
Караанын көрүп айылдын,
Баатырың кетти кубанып.
Түндүгүнөн түрүлүп,
Түтүнү чыгып буралып.
Тегерегин караса,
Көзгө илинер караан жок
Көрүнбөйт жакшы тунарып.
Апта* токтоп турбастан,
Жөнөп калды баатырың,
Муну көздөй бет алып.
Башка келчү кыйла иш,
Жана баарын эске алып.
«Эл кишиси бар болсо,
Эл болуша калам — деп,
Эп келише сүйлөшүп,
Элчи сөздү салам — деп.
Дос кишиси бар болсо,
Дос болушуп сүйлөшүп,
Ар акылын табам — деп.
Жоо кишиси бар болсо,
Жоолашса жетер чамам — ден,
Нээти дурус жан болсо,
Ай караңгы түнү — деп,
Болжош кылып алам — деп.
Бир башыма жан курбу,
Жолдош кылып алам — деп.
Мындан башка кырааның,
Жана ойлонуп кыйла кеп.
Закындай учуп сызгансыйт,
Кылкаранын басканы.
Төрт аяктап токтобой,
Буртулдап ыргып даңканы.
Жумурткадай өргөөгө
Жетемин деп эр Жоодар
Жүрө берип чарчады.
Баштагыдан бир укмуш,
Бул кызыкка кезигип,
Танабы* жердин чечилип.
Ошо кезде Кылкара
Бугудай мойнун бурганы,
Бир каадасын карматып,
Сырттан эрдин алдына
Адамча сүйлөп турганы:
«Угуп турчу, кырааным,
Атагы журтка дан, болгон,
Энеден. сырттан туулганым.
Көргөн менен туйгандан
Баяндап сүйлөйт бууданын.
Билгизейин өзүнө,
Туйгун ээм сага туш болуп
Не кызык күтүп турганын.
Барлык иши оңунда
Бир азаптан кутулуп,
Баштагыдай баатырын,
Боло турган жолун, да.
Алыстан келген айланып,
Чалынып өзү торуңа,
Ак туйгун конот жолуна.
Баатырың кетти кубанып.
Түндүгүнөн түрүлүп,
Түтүнү чыгып буралып.
Тегерегин караса,
Көзгө илинер караан жок
Көрүнбөйт жакшы тунарып.
Апта* токтоп турбастан,
Жөнөп калды баатырың,
Муну көздөй бет алып.
Башка келчү кыйла иш,
Жана баарын эске алып.
«Эл кишиси бар болсо,
Эл болуша калам — деп,
Эп келише сүйлөшүп,
Элчи сөздү салам — деп.
Дос кишиси бар болсо,
Дос болушуп сүйлөшүп,
Ар акылын табам — деп.
Жоо кишиси бар болсо,
Жоолашса жетер чамам — ден,
Нээти дурус жан болсо,
Ай караңгы түнү — деп,
Болжош кылып алам — деп.
Бир башыма жан курбу,
Жолдош кылып алам — деп.
Мындан башка кырааның,
Жана ойлонуп кыйла кеп.
Закындай учуп сызгансыйт,
Кылкаранын басканы.
Төрт аяктап токтобой,
Буртулдап ыргып даңканы.
Жумурткадай өргөөгө
Жетемин деп эр Жоодар
Жүрө берип чарчады.
Баштагыдан бир укмуш,
Бул кызыкка кезигип,
Танабы* жердин чечилип.
Ошо кезде Кылкара
Бугудай мойнун бурганы,
Бир каадасын карматып,
Сырттан эрдин алдына
Адамча сүйлөп турганы:
«Угуп турчу, кырааным,
Атагы журтка дан, болгон,
Энеден. сырттан туулганым.
Көргөн менен туйгандан
Баяндап сүйлөйт бууданын.
Билгизейин өзүнө,
Туйгун ээм сага туш болуп
Не кызык күтүп турганын.
Барлык иши оңунда
Бир азаптан кутулуп,
Баштагыдай баатырын,
Боло турган жолун, да.
Алыстан келген айланып,
Чалынып өзү торуңа,
Ак туйгун конот жолуна.

