Же болбосо курган жан
Ит менен кушка бир жолу,
Жем болгон бойдон каламбы?
Ыза болуп эр Жоодар
Кара жаак ак камчы
Кармай калып имерип,
Каң дедире Караны,
Капталга тартып жиберип.
Баатыр Жоодар балаңыз
Чын жанынан түңүлүп.
Камчы тийген кара сан
Кылыч менен чапкандай,
Канжыга бою тилинип.
Оозун бербей балага,
Жөнөп калды Кылкара
Текеден бетер түйүлүп.
Тизеден жааган аппак кар,
Түш-туш жакка түрүлүп.
Мурундан буусу буркурап,
Бет келген жакка баланы
Алып учту зыркырап.
Аяк серпип ак карды
Бузуп кетип баратат.
Жаныбарын Кылкара
Барган сайын закындап,
Кызып кетип баратат.
Чыйыры жок жер менен
Сызып кетип баратат.
Канаты бар немедей
Анда-мында бир тийип,
Учуп кетип баратат.
Барган сайын кара тер
Басып кетип баратат.
Канча карлуу ашууну
Ашып кетип баратат.
Камчы тийген кара сан
Ачышканы жанына
Батып кетип баратат.
Туура жаткан ан, болсо,
Каргып кетип баратат.