Жоодарбешим
Караса асман ачылбай,
Кар жааганы басылбай,
Ак марал кармап алалбай,
Тизеден өйдө кар кечип,
Же, баскан изин таба албай,
Батыш менен чыгышты,
Ажыратып биле албай,
Тык этип токтоп турду эле,
Андан ары жүрө албай.
Кылкараны жемелей,
Каарлакып бакырып,
Жылбай турат Кылкара,
Карды асманга сапырып.
«Калың кыпчак элимден,
Кебез-Тоо асыл жеримден,
Жылдык жолдун арасын
Басып келген Кылкара.
Ит ашпаган зшууну,
Ашып келген Кылкара.
Толгон дайра кабаттап,
Кечип келген Кылкара.
Токой дебей, тоо дебей
Кесип келген Кылкара.
Ак бугуну буйдалтпай,
Жетип берген Кылкара
Мен дегенде жанынан
Кечип берген Кылкара.
Намысымды душмандан
Тартып берген Кылкара.
Башка мүшкүл түшкөндө
Айтып берген Кылкара.
Ай караңгы түн болсо
Болжош болгон Кылкара.
Кар жааганы басылбай,
Ак марал кармап алалбай,
Тизеден өйдө кар кечип,
Же, баскан изин таба албай,
Батыш менен чыгышты,
Ажыратып биле албай,
Тык этип токтоп турду эле,
Андан ары жүрө албай.
Кылкараны жемелей,
Каарлакып бакырып,
Жылбай турат Кылкара,
Карды асманга сапырып.
«Калың кыпчак элимден,
Кебез-Тоо асыл жеримден,
Жылдык жолдун арасын
Басып келген Кылкара.
Ит ашпаган зшууну,
Ашып келген Кылкара.
Толгон дайра кабаттап,
Кечип келген Кылкара.
Токой дебей, тоо дебей
Кесип келген Кылкара.
Ак бугуну буйдалтпай,
Жетип берген Кылкара
Мен дегенде жанынан
Кечип берген Кылкара.
Намысымды душмандан
Тартып берген Кылкара.
Башка мүшкүл түшкөндө
Айтып берген Кылкара.
Ай караңгы түн болсо
Болжош болгон Кылкара.

