Жоодарбешим
Өрттөнгөн арча, куу токой,
Ээн булакка барды ошол,
Ак бугу союп эрениң,
Жилик кагып, жая чеп,
Өргүп жатып калды эле.
Ээрин алып жайдактап,
Кылкараны агытып,
Сергип жатып калды эле.
Баш-аягы жарым ай
Жата берип эр Жоодар,
Уктап уйку канды эле.
Жаныбарың Кылкара
Арыганы басылып.
Кайран ээси Жоодардын
Талыганы басылып.
Элин карай бет алып,
Жөнөгөнү камынып.
Ак бугунун этинен,
Күнгө кактап кургатып
Ак куржунга салынып.
Дарылыкка керек — деп,
Өтүн алып катырып.
Ордо атканга томпоюн
Кошо салып капшырып.
Эрмек кылып күнүгө,
Жилигин түгөл кагыптыр.
Соорусунан бугунун,
Күдөр ийлеп, ак чылбыр,
Кылкарага тагыптыр.
Алып барып бугунун,
Аскага башын илиптир.
«Кебез-Тоодой жерим — деп,
Калың кыпчак элим — деп,
Атам Төштүк эрен —деп,
Кенжеке бейбак энем — деп,
Аксаамай сулуу жарым — деп,
Таятам Агай шаары — деп
Жезнай балбан досум — деп,
Көздөгөн жоону сойдум — деп,
Оозуңдан чыккан шерт менен
Ойдогуңдай болдум» — деп,
Кылкара оозун жайды эле,
Жоргосун салып урдуруп,
Жаңы эле жөнөп калды эле.
АК ЖӨКӨ ДЕГЕН МАРАЛДЫН КАРГАГАНЫ
Алды жагын караса,
Бала Жоодар баатырга
Бир болбогон тамаша.
Куюндай учуп жүгүрүп,
Арыш таштап туш-тушка
Арбаландап түйүлүп.
Алдын тороп баатырдын
Ак марал чыкты чубалып.
Жолумдан туура басат — деп,
Жоодардын өңү кубарып.
Маңдайына турду эле
Туура тартып буралып.
Кайберендин Ак марал
Шаңы башка суналып.
Баатыр Жоодарбешимдин,
Атайын десе огу жок.
Кылычтап башын алууга
Жакындатпайт оңу жок.
Кайберендин Ак марал
Кадимкидей тил менен
Кыраанына муну айтат,
Адам билбес шумду айтат:
«Ак бугу атып, уу кылган, жигит,
Ааламдын бетин чуу кылган, жигит.
Дөөлөрдү союп жай кылган, жигит,
Кылычын канга май кылган, жигит.
Кайберендин Ак бугу,
Курбалым эле, кут эле,
Жилигин түгөл кагыпсың, жигит,
Чүйгүн этин куржунга,
Каалашынча салыпсың, жигит.
Күдөр ийлеп ак кайыш,
Тулпарга чылбыр тагыпсың, жигит.
Ак бугу башын калжайтып,
Аскага барып сайыпсың, жигит.
Курбалымдан айырып,
Убалыма калыпсын,, жигит.
Тилесем кудай береби,
Бир жайына кеткен соң,
Тирилип кайра келеби.
Кайберенге падыша,
Касисттүү Ак бугу
Капысынан кезигип,
Жай кылыпсың, сен муну,
Угуп алгын, сен, жигит,
Каргыш менен аралаш
Ак марал айткан зар-мунду.
Барганыңдан келбей кал.
Ак марал айдап уй кылган,
Ай ааламды буй кылган
Атаң Төштүк сыртанды,
Кенжеке энең бейбакты
Тогуз жыл катар көрбөй кал.
Аттанган жактан келбей кал,
Антташкан жарың Аксаамай
Алты жыл катар көрбөй кал».
Акмарал каргап басылды,
Кылкарага камчы уруп,
Токтобой Жоодар качырды.
Тетир жолду бет алып,
Ак марал изин салыптыр.
Алдына түшүп Жоодардын
Чубалып жөнөп калыптыр.
Аркасынан кара чан,
Буралып жөнөп калыптыр.
Кайберендин Ак марал,
Аябай арыш таштады.
Жара басып жөнөдү
Жаткан уйдай таштарды.
Баатыр Жоодар беренге
Жана бир кызык баштады.
Нечен адыр бел басып,
Нечен кабат тоо ашып,
Кыдырды кыйла асканы.

