Арманда өлүп калбайын,
Айтканым бир аз уга тур, баатыр.
Бууданың оозун жыя тур, баатыр,
Буулуккан ачууң тыя тур, баатыр.
Бей күнөө өлүп калбайын,
Бугунун сөзүн уга тур, баатыр.
Ак болот кынга сала тур, баатыр,
Акылман туулган эр болсоң,
Ак бугу тилин ала тур, баатыр.
Кек болот кынга сала тур, баатыр,
Кыйын туулган эр болсоң,
Кайберен тилин ала тур, баатыр.
Мен Ак бугу кайберен,
Ачыгын айтам, угуп тур.
Эр Төштүктүн баласы,
Анык болсоң, сен берен.
Бугулардын пашаасы,
Касиеттүү мен элем.
Капарсыз жерден жолугуп,
Кайгуулда жүргөн эр менен.
Ак жолун, ачып бир жолу,
Чын батамды берейин,
Жакшы жорук баштап кет, баатыр.
Жан кыйганда не пайда
Жалындым, жаным таштап кет, баатыр.
Эрдигиң башка тунуксуң, баатыр,
Кара башым кескенде,
Кайберен калар улуксуз, баатыр.
Өзүң дагы азамат
Ак тилек жолго чыгыпсың, баатыр.
Каалаган тилек орундап, баатыр, -
Баратыпсың сонундап, баатыр.
Көздөгөн жоону жайлапсың, баатыр,-
Алтын башын Аркардын,
Канжыгага байлапсын, баатыр.
Кубанчың ичте жүргөндө,
Өлтүрө көрбө, өзүмдү, баатыр,
Бул айтканым кылбасаң,
Кыяматтык курдашым,
Ак жөкө деген марал бар, баатыр.
Каргышы ката кетпеген,
Бир башыңа жаман бар, баатыр.
Курдашы менден айрылып,
Каргап койсо Ак жөкө,
Маңдайың толгон шор болот,
Азап тартып камча жыл,
Алтым башың кор болот, баатыр.
Аз күнөөм болсо арылтыл,
Көп күнөм болсо кечиргин, баатыр».
Муну айтып жалдырап,
Башын сурап баатырдан
Ак бугу турат калтырап.