Кара жаның аябай,
Сабалап жөнөп калды ошол.
Тоо түгөнгөн түз менен,
Талаалап жөнөп калды ошол.
Бакандай мүйүзүн арбайтып,
Башкача чуркап калжайып,
Эңкейиште эңкилдеп,
Өргө салса деңкилдеп,
Кыяга салып зымырап,
Тайгандай тили салынып,
Изине түшүп калбаган,
Бир балага кабылып.
Ачылып туяк шылкылдап,
Тер куюлуп шылпылдап,
Таноолору былкылдап.
Алды, киймин карабай,
Сабап келет лакылдап.
Баатыр Жоодар бугуга
Барган сайын жакындап.
Жан талашып Ак бугу,
Чычкан мурду өтпөгөн
Черге кире качты эле,
Анда Жоодар болгон жок.
Коруму бар, коосу бар,
Жерге кире качты эле,
Мында Жоодар болгон жок.
Аскасы асман тиреген
Зоо аралай качты эле,
Андан арга болгон жок.
Чокусун ак кар каптаган
Тоого сала качты эле,
Мындан арга болгон жок.
Көбүгү көккө чачылган,
Күркүрөп типтик атылган,
Суудам кече качты эле,
Анда Жоодар калган жок.
Көк ирим болуп толкуган
Көлдөн сүзө качты эле,
Кылкара менен үрөтүп,
Толкунун жара жиретип,
Дагы амалын тапты эле.