Бугусу бүдүр оттогон,
Будурга чыгып жаныбар,
Элүүдөн, жүздөн топтогон.
Аны көрүп кызыгып,
Атсамбы деп Жоодардын
Баратып көөнү бузулуп.
Ал аңгыча болгон жок,
Алды жагын караса,
Токою жок, ачыкта,
Бадалы бар жапыста,
Көрсө көкүл бөлүнүп,
Бир, башкача кийик көрүнүп.
Баланы карап маңкайып,
Атан төөдөй даңкайып
Буралып мойнун буруптур.
Алтымыш айры Ак буту,
Тан, калгандай баатырды
Калжайып карап туруптур.
Алтын жаак сыр жебе,
Жоодар колго алганы.
Ак бугуну атканы
Чалмага саадак чалганы.
Таамай кармап чекеге,
Тартып келип калганы.
Жебенин огу айныбай,
Желдей учуп зыркырап,
Сырттанын, шондо ойлоду,
Жаныбардын жаз маңдай
Кетет го деп быркырап.
Зыркырап жебе жеткени,
Кыраандын шагын сындырып,
Чолуй тийип чокуга,
Кырып өтүп кеткени.
Октон чочуп Ак бугу,
Буралып качып калды эле.
Мүргүй түшүп жаныбар,
Чубалып качып калды эле.
Кыялай түшүп азыраак,
Так ылдыйга кирди эми.
Жыгылбасын бугунун
Сырттан Жоодар билди эми.
Бул жорукту көргөндө,
Өрттөй көзү жайнады.