Жоодарбешим
Беш чокуда беш аркар,
Элеңдеп карап калды эле.
Көрүнүп баатыр карааны,
Байкап көзү чалды эле.
Жоодар оңой эр эмес,
Сыр жебе кармап колуна,
Беш аркарды беш атып.
Колу кызып калган шер,
Тиктеген жерин теше атып.
Чокудан аркар кулады,
Баш көтөрбөй сулады.
Алты аркарды бүт жайлап,
Баатырдын таркап кумары.
Тогуз уулдун кенжеси,
Эр Төштүктүн тынары.
Токтоп турбай ал жерге
Саадагын санга салды эле,
Сыр жебе колго илди эле.
Баш көтөрбөй алты аркар,
Жыгылганын билди эле.
Ылдам буга жетсем — деп,
Жетип башын кессем — деп.
Типтик ылдый жүгүрүп,
Бала Жоодар күйүгүп.
Ак аркарга барганда,
Күмүш мүйүздөн алганда,
Тер тамчылап сүйүнүп.
Толголуу болот ак шамшаар
Кындан сууруп алды эле.
Ээктен алын кайырып,
Кекиртектен чалды эле.
Шилтем менен шар этип,
Мууздоодон* канын жайды эле.
Кыя тартып сүбөнү*.
Жиреп ичин жарды эле.
Кардын жарып каңтарып,
Жумурга* чейин аңтарып.
Элеңдеп карап калды эле.
Көрүнүп баатыр карааны,
Байкап көзү чалды эле.
Жоодар оңой эр эмес,
Сыр жебе кармап колуна,
Беш аркарды беш атып.
Колу кызып калган шер,
Тиктеген жерин теше атып.
Чокудан аркар кулады,
Баш көтөрбөй сулады.
Алты аркарды бүт жайлап,
Баатырдын таркап кумары.
Тогуз уулдун кенжеси,
Эр Төштүктүн тынары.
Токтоп турбай ал жерге
Саадагын санга салды эле,
Сыр жебе колго илди эле.
Баш көтөрбөй алты аркар,
Жыгылганын билди эле.
Ылдам буга жетсем — деп,
Жетип башын кессем — деп.
Типтик ылдый жүгүрүп,
Бала Жоодар күйүгүп.
Ак аркарга барганда,
Күмүш мүйүздөн алганда,
Тер тамчылап сүйүнүп.
Толголуу болот ак шамшаар
Кындан сууруп алды эле.
Ээктен алын кайырып,
Кекиртектен чалды эле.
Шилтем менен шар этип,
Мууздоодон* канын жайды эле.
Кыя тартып сүбөнү*.
Жиреп ичин жарды эле.
Кардын жарып каңтарып,
Жумурга* чейин аңтарып.

