Чокулары асканын,
Булутка тийип бүлбүлдөйт.
Андан ары барды эле,
Айры белес, ач кайкаң,
Мындан чыга калды эле.
Күзгүдөй күмүш күңгөйгө,
Абайлап көзүн салды эле.
Баатыр Жоодар боортоктоп,
Байкап жатып калды эле.
Бул күңгөйдө көп болуп,
Баатырына шек болуп,
Ал аңгыча болгон жок,
Катар басып алты аркар,
Кырдан чыга кылайып,
Сүмбөгө тизген немедей,
Сунала басып чубалып,
Мына ушуну көргөндө,
Кынылдап бала кубанып.
Катар келген алты аркар,
Алты аркарда кызык бар.
Ошолордун ичинде
Карды салык кара аркар.
Артында басын акырын,
Агарып таңы кылайып.
Мүйүзү күмүш, башы алтын,
Чыгырыктан буралып.
Күңгөйгө келди топтошуп,
Көк жайсаңга токтошуп.
Бир аз туруп оттошуп,
Бер жагында беш аркар
Бөлүнө басып жөнөдү.
Алтын баштуу Ак аркар,
Мына ушундан бөлөгү.
Куюлган кумду бет алып,
Сайылып кирди беш аркар.
Туш-туш жакка бет алып,
Жайылып кирди беш аркар.
Карап турса эр Жоодар,
Мына мындай кызык бар.
Күңгөйдүн бет жагында
Көк тиреген бийик бар.
Үстүнө чыксаң ааламдын
Тең жарымы көрүнгөн,
Көк тиреген көк залкар,
Чокусу кара кум экен,
Анык укмуш бул экен.
Этеги корум таш экен,
Токсон тоонун урунуш,
Токсон дайра куюлуш,
Так ошонун башы экен.
Токтобостон беш аркар,
Беш чокуга барды эле.
Бешөө тиктеп беш жакты,
Кароол карап калды эле.
Ошо бойдон беш аркар,
Кылчайып мойнун кайырбай,
Тиктеген жагын бет алып,
Тирмейип көзүн айырбай.