Жоодарбешим
Караан болуп жүргөнгө,
Агача атам элинен
Жанына тандап жолдош ал.
Кыл торко тонуң кийип ал,
Барар жолуң билип ал.
Жоо жарагын баш кылып,
Жаныда жолдош тандап ал.
Керек болсо, сырттаным,
Коломолуу кол алгын,
Сарамжалың мол алгын.
Самаганга барып кел,
Алтын баштуу Ак аркар
Буюрса атыл алып кел.
Ак булак жолун чалып кел,
Бара турган жол болсо,
Кылчактап карап турбагын.
Аман келсең, сырттаным,
Көрөбүз өмүр жыргалын».
Ошондо Жоодар кайран эр,
Жоо жарагын кандады.
Кылкараны токутуп,
Түгөл болду шайманы.
Атайы чыккан аттанып,
Келгеним менин аркар
Ал аркарды атпасам
Казабын салар өзүмө,
Атам Төштүк чалкар — деп.
Бала Жоодар ошондо,
Баарына кошун айткан жер.
Жай ордосун калтырып,
Ак булакты бет алып,
Атынын оозун тарткан жер.
Токсон күндүк узак жол,
Баатыр жалгыз жөнөдү.
Жанына жолдош алган жок,
Болбойт деп анын кереги.
Адыр-адыр артуулап,
Барган сайын катуулап.
Алдындагы Кылкара,
Желдей учса зуулдап,
Даңканы көккө чачырап.
Агача атам элинен
Жанына тандап жолдош ал.
Кыл торко тонуң кийип ал,
Барар жолуң билип ал.
Жоо жарагын баш кылып,
Жаныда жолдош тандап ал.
Керек болсо, сырттаным,
Коломолуу кол алгын,
Сарамжалың мол алгын.
Самаганга барып кел,
Алтын баштуу Ак аркар
Буюрса атыл алып кел.
Ак булак жолун чалып кел,
Бара турган жол болсо,
Кылчактап карап турбагын.
Аман келсең, сырттаным,
Көрөбүз өмүр жыргалын».
Ошондо Жоодар кайран эр,
Жоо жарагын кандады.
Кылкараны токутуп,
Түгөл болду шайманы.
Атайы чыккан аттанып,
Келгеним менин аркар
Ал аркарды атпасам
Казабын салар өзүмө,
Атам Төштүк чалкар — деп.
Бала Жоодар ошондо,
Баарына кошун айткан жер.
Жай ордосун калтырып,
Ак булакты бет алып,
Атынын оозун тарткан жер.
Токсон күндүк узак жол,
Баатыр жалгыз жөнөдү.
Жанына жолдош алган жок,
Болбойт деп анын кереги.
Адыр-адыр артуулап,
Барган сайын катуулап.
Алдындагы Кылкара,
Желдей учса зуулдап,
Даңканы көккө чачырап.

