Эл сактаган душмандан,
Атагы журтка даң болду.
Жезиликти жактырып,
Көксаамай сулуу жар болду.
Баатыр Жоодар ал болсо,
Жашчылыктын түгөнгүс
Кызгына кирген соң,
Аксаамайдын ордодо
Айланышып жүргөн соң,.
Атасы айткан аманат
Ак аркар чыгып эсинен.
Сулуудан карыш кете албай,
Баары чыгып эсинен.
Басар жолу баатырдын
Дагы чыгып эсинен.
Ардар атып, бөкөн кууп,
Кылганы болду тамаша.
Аңга шыктуу көп жигит,
Бастирып чыгып жанаша.
Жасан жүрдү эр Жоодар,
Оюнда эмне кааласа.

ЖООДАРБЕШИМДИН АК АРКАРДЫ ИЗДЕП ЖӨНӨГӨНҮ

Бир күндөрү эр Жоодар
Ак ордодо жатты эле,
Алп уйкуга батты эле,
Түн ортосу болгондо,
Аксаамай чочуп ойгонуп,
Сырттаным— деп, толгонуп,
Адам билбес иш айтат,
Жоруп берчи мага—деп,
Бир укмуштуу түш айтат:
«Түндөгү көргөн түшүмдө,
Оңолбой калдым түбүндө.
Көз алдымда туруптур,
Күзгүгө салган немедей,
Түз болуп түгөл дүнүйө.
Кырааным Жоодар сен өзүң
Бет алдың башка тарапты,
Бойго илип алып жаракты.
Толгон дайра суу кечип,.
Толгон тоодон өтүпсүң.
Карап турсам өзүңдү
Каалаган жерге жетипсиң.
Көз талытып караансыз,
Деги эле алыс кетипсиң.
Үзүлөрдө карааның
Укмуштай неме жабышын, .
Ак куу болуп абалап,
Алып учту өзүңдү
Ак булут менен сабалап.
Кек куу болуп абалап,
Көтөрүп учту өзүңдү,
Көк булут менен сабалап.
Ажыратып калсам — деп,
Аябай кылдым далалат.
Айласыздан сен дагы
Араң кеттиң, каралап.
Ичим күйүп, чок болуп,
Ооруттум жүрөк жаралап.
Абайласам өзүмдү,
Калың жерде жүрүпмүн.